Эми баасы 300миңден ашкан мүлккө ээ болуу үчүн салык декларациясы толтурулат

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү”киргизди.

Аталган мыйзам 2020-жылдын 22-январында кабыл алынып, 2026-жылга чейин этап-этап менен ишке ашаары каралган.

Бирдиктүү салык декларациясынын 92- беренесине ылайык 2021-жылдан тарта мамлекеттик органдарда, муниципалдык мекемелерде, жеке менчик ишканаларда, илим изилдөө, билим берүү, коомчулукту тейлөө кызматтарында, ден- соолукту чыңдоо мекемелеринде иштеген жарандар, Кыргызстанда жашап, эл аралык уюмдарда иштеген чет элдик жарандар баасы 300миңден ашкан мүлккө ээ болуу үчүн салык декларациясын толтурууга милдеттүү.

Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке кирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген