Эми айыл чарба кызматкерлерине насыялар жеңилдетүүсүз берилет

“Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун негизинде келерки жылдан тарта айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында бөлүнгөн насыя каражаттары жеңилдетүүсүз берилет. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков ЖКнын маалымат жыйынында билдирди.

Кармышаковдун бул билдирүүсүнөн кийин депутат Кенжебек Бокоев өндүрүшчүлөргө бериле турган 1 млрд 250 млн сом каражатты толугу менен кайтарымдуу кылса болоор-болбосуна кызыкты.

Ага жооп кылып Каржы министрлигинин өкүлү насыя каражаттарын толугу менен кайтарымдуу кылса болоорун, бирок анда жазгы талаа иштери кыйла кеч калаарын билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген