“ЭлТР” МТРКсына жаңы жетекчи болуп келген Керимбек Калыкулов ким?

Керимбек Калыкулов  «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Керимбек Калыкулов 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Ал буга чейин «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июль айынан бери “ОшТВ” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген