Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев изделүүдө

Аскер прокуратурасы ишкер, “Элит Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Анын борбор калаадагы жер тилкелерин алууда коррупцияга, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелип жатканы такталды. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын биринчи май райондук соту Тимур Файзиевге карата баш коргоо чарасын сырттан карады.

Соттун чечими менен коррупцияга катыштыгы бар деп шектелген адам  Бишкекте СИЗО-1де кармалышы керектиги көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Тимур Файзиевдин кармалышы жөнүндө айтылган. Кийинчерээк курулуш компаниясынын башчысы Бишкектин сыртында экени белгилүү болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.