Элетте таза суу тартыш “Ош-Нур” ишканасы жумушун чийки жасаганбы?

Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүндө суу меселеси чечилбей келет. Канча жыл дегенде таза суу долбоору ишке ашып, бирок ал күтүлгөндөй жыйынтык берген жок. Суу тартылган жылы эле жаңы орнотулган түтүктөр иштен чыгып, колдонуудагы таза  суу да токтоп калып, элдин ичүүчү сууга муктаждыгы күч алды. 

Акман айыл өкмөттүндө 6 айыл бар. Анын бешөө таза суу долбооруна кирип,170тен ашык суу түтүктөрү орнотулган. Бирок элеттиктердин кубанычы узакка созулбады. Анткени суу түтүктөрү жаңы коюлганына карабай бат эле иштен чыккан.

Таза суунун чыкпай калышын жергиликтүү бийлик курулуш туура эмес жүргүзүлгөнүнөн деп түшүндүрүшөт. Себеби  айылдан 7 чакырым алыстыкта таза суу насостук станциясы болгон. Бирок ,эмнегедир курулушту ишке ашырган “Ош-Нур” ишканасы  15 чакырым алыстыктагы насостук станциядан алып келишкен.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, азыр курулушту чийки жасады дээлген “Ош-Нур “ ишканасы боюнча атайын кызматтарда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда айылдын өзүндөгү эки насостук станцияны жана баардык суу түтүктөрүн реконструкциялоо үчүн 81 миллион сомдук долбоор даярдалып, өкмөткө сунушталган.

Ошентип, 32 миллион сомдук таза суу долбоору менен учурда бир айылдын жарымы гана ичүүчү суу менен камсыздалган. Анда да 32 крандан жумасына бир ирет гана суу чыгып турат. Жергиликтүү бийликтен кошумчалашкандай, өкмөт долбоорду колдоп каржы бөлсө, быйыл  5 айылдын баары таза суу менен камсыздалат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar