Элет Деми: Жылына миңдеген туристти тейлеген Абдилла Ташбеков

“Элет Деми” программасы бул жолу Алай районунда. Бул жерде Абдилла Ташбеков аттуу ишкердин туристтерди тейлөөсү тууралуу айтып беребиз.


Абдилла Ташбеков, Алай районунун тургуну. 32 жашта, 10 жылдан бери туристтерди тейлөө жаатында иштеп келет. Учурда “CBT Сары-Могол” туристтик маалымат борборунун координатору. Үй-бүлөлүү, жубайы менен эки уул, бир кызды тарбиялап келишүүдө.

Абдилла Ташбеков гид, айдоочу, конок үйүнүн жетекчилери, фольклордук топтор менен кызматташып, биргеликте иш алып барат. Анын алгачкы  иштеп тапкан маянасы 20 миң сомду түзгөн.

“CBT Сары-Могол” туристтик маалымат борбору аркылуу Кыргызстанга бир сезондо миңге жакын чет элдик турист келет.

Каарманыбыз ийгиликке жетүү жолун баяндайт:

“Бул жумушту атам баштаган. Мен анда жаш элем, бирок келечектеги кесибим ушундай болорун билчүмүн. Алгач жардамчы, атчы, анан гид болуп иштеп жүрдүм. Жогорку окуу жайында туризм багыты боюнча билим алдым. Жумушту алгач баштаганда кыйынчылыктар көп болду. Анткени бул жерде байланыш, интернет жок эле. Туристтер менен кат алышуу үчүн атайын Ош шаарына барып жүрдүм. Азыр жакшы, балдарды тарбиялайм, аларга алгач тил үйрөтөм”.

  • Кыргызстандагы туризм мыйзамына ылайык, туристтик иштин субъекттеринин кирешесине жараша мамлекетке салык төлөнөт.

  • Айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо максатында, бул субъекттер кирешенин бир бөлүгүн жергиликтүү бюджеттерге которсо болот.

  • Ал эми юридикалык тараптар туристтик сезондо түшкөн кирешенин 10 пайызына чейин милдеттүү түрдө салык төлөшөт.

  • Сезонго байланыштуу туристтерди кабыл алуу токтогон учурда ишкерлер киреше жоктугун кабарлап, жергиликтүү салык кызматына рапорт жазып коюушу керек.

Туризм тармагында:

  • негизги иштен;

  • туристтерди мейманканаларда, отелдерде, кемпингдерде ж.б. жайгаштыруудан;

  • коомдук тамактануу жайлары тарабынан туристтерге кызмат көрсөтүүдөн;

  • туристтер үчүн транспорттук кызматтардан;

  • кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка иш-чаралардан киреше түшөт.

Эксперттер эмне дейт?

“Бул тармакта эң негизгиси чет тилдерин билүү керек. Андан кийин туристтерди эмне кызыктыра тургандыгын билип, ошого карата тур уюштурса болот. Бул жумуш ар бир жаштын колунан келет, болгону туризм боюнча билим керек. Ал эми кирешенин көлөмү кызмат көрсөтүүгө байланыштуу – кызмат көрсөтүү көп болсо, киреше да көп болот”.

Абдилла Ташбековго жубайы жардамчы, колдоочу

“Көбүнчө үйдүн маселелерин өзүм чечүүгө аракет кылышым керек. Кээде лагерде азык-түлүк түгөнсө, өзүм алып барып берем. Карантин учурунда гана мен башка аймакта болуп калдым. Жумушубузду жакшы түшүнөбүз, бактылуубуз”

Теледолбоор “Бай Алай” долбоору тарабынан даярдалган. Швейцариянын Өкмөтүнөн каржыланат жана “Хелветас Кыргызстан”, “Ага Хан” фонду тарабынан аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.