Элет Деми: Жайлоодо бизнес түптөгөн айым

“Элет Деми” программасынын бул жолку чыгарылышы жайлоого сапар тартты. Динара Акматалиеванын үйүнө баш багып, жайлоо шартында кантип ишкерлик менен алектенип жаткандыгын жана үй-бүлөлүк кирешесин кантип толуктап жаткандыгы жөнүндө айтып беребиз.

Динара Акматалиева, Чоң-Алай районунун тургуну. 35 жашта, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Таар согуп, өлкө аймагына жана чет мамлекеттерге сатыкка чыгарат. Жайлоо шартында улуттук тамак-аштардын жасалышы боюнча  туристтерге мастер-класс көрсөтүп берет. Жолдошу экөө 6 баланын ата-энеси.

“Бул күзүк. Күзүк жипти эсепке бериш үчүн, көчөт салыш үчүн шерик-шериги менен жүргүзүлөт. Барганда сыртынан барып, келгенде ичинен коюп келиш керек. Бири сыртына, бири ичине болот. Таарга өзү 3 адам керек. Бирөө күзүктөйт, экөө жүгүрөт. Чоң таар 2-3 саатта бүтөт.

“Эгер сиз чоң таар алам десеңиз, 30-40 миң сомго чейин сатып алсаңыз болот. Орточо көлөмдөгү таарды сатып алам десеңиз, 20-30- миң сомго аласыз. Бул таар үчүн мен толук бир ай эмгектенем”.

Таар согуу үчүн эң зарыл болгон каражаттар кайсылар? Тизме

  • Кадимки темир казыктар, жыгачтан жасалган кылыч, тергич, такта жана жип ийригич машина;
  • Машинанын баасы 7 миң сом. Ал эми калган кылыч, такталарды үй шартында өз колуңуз менен жасап алууга болот.
  • Эскерте кетсек, жип ийригич машинаны ишмердүүлүктү баштоо алдында гана сатып аласыз. Көпкө кызмат кылат. Ал эми жүн, боек сыяктуу буюмдарды ар бир таар соккондо сатып алып турасыз.
  • Маселен, 20 метр узундуктагы таар согуу үчүн 10 килограмм жүн керек.
  • Ар бир килограммын 500 сомдон сатып алсаңыз болот.
  • Жүн ийрилген соң, ар түрдүү түскө боелот.
  • Болжол менен 20 метр таарды даярдоо үчүн 3000 сомдук боек сатып алсаңыз жетиштүү.
  • Ошондо кол эмгегин жана жип ийригич машинаны эсепке албаганда жүн, боекторду сатып алуу үчүн сизден  8000 сом керектелет.

Эксперттер эмне дейт?

Эксперттердин айтымында, туризм менен кол өнөрчүлүк эриш-аркак жүрөт. Салттуу билимдерди эле колдонуп дүйнөлүк бренддге ылайыкташтырып жасап, келген туристтерге сатып пайда тапсак болот. Мурда килем менен таардын көлөмү чоң жасалган. Ал эми азыр алардын көлөмүн кичирейтип, туристтер буюмдары менен кошо самолет менен алып кете турган болуп жасалып жатат.

Динара Акматалиеванын жолдошу дагы жубайына жардам берет.

Дианара Акматалиеванын жолдошу

“Аялым таар кургуча мен тергич менен алек болом. Бул жерде эректердин жумушу – биринчи казык кагып бересиң. Башына бир казык, аягына жана ортосуна 2 казык. Эркектердин жумушу ушул”.

 

Кол өнөрчүлүк менен алектенүү боюнча салыктын түрлөрү көрсөтүлгөн эмес. Бирок кол өнөрчүлүктүн негизиндеги даяр буюмдарды сатуучу дүкөн ээлери ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт

Салык базасында төлөмдүн көлөмү соода жайынын аянты 30 чарчы метрге чейин болсо 700 сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми 50 чарчы метрге чейин 2000 сомдон. Бул сумма аймактарга карап өзгөрөрүн эскертебиз. Камсыздандыруу төлөмү дагы аймактарга жараша бектилет, райондордо 574 сомдон башталган.

Макаланын видео версиясы

“Элет Деми” программасынын бул чыгарылышы кол өнөрчүлүк туурасында болду. Кийинки чыгарылышта конок үйүн ачкан айым тууралуу сөз кылабыз. Бул программалар ишкерликти жаңыдан баштап жаткан жарандар үчүн пайдалуу болду деген ишенимдебиз.

Теледолбоор “Бай Алай” долбоору тарабынан даярдалган. Швейцариянын Өкмөтүнөн каржыланат жана “Хелветас Кыргызстан”, “Ага Хан” фонду тарабынан аткарылат.

Элет Деми: Чоң-Алайдагы балчы аял

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген