Элет Деми: Тоолуу аймакта конок үйүн түптөгөн үй-бүлө

«Элет Деми» программасы бул жолу Алай районунда. Район тургуну Бактыгүл Нармаматованын ишкерлиги, конок үйүн иштетүүдөгү кыйынчылыгы жана ийгиликтерине токтолобуз.


Бактыгүл Нармаматова

Бактыгүл Нармаматова, Алай районунун Сары-Могол айылынын тургуну. Учурда 43 жашта, кесиби мугалим.Үч жыл мурун “Жаныш-Байыш” аталышындагы конок үйүн ачкан. Жолдошу менен үч баланы тарбиялап келишүүдө.

2018-жылы туристтерди тейлөө тармагында үй-бүлөлүк бизнес катары конок үйүн ачышкан. Ишкерликтен алгачкы жолу 50 миң сом киреше түшкөн. 16 орундуу конок үйүнө негизинен чет элдик туристтер көп келет.

“CBT Сары-Могол” туристтик маалымат борборундагы кызматкерлер “кошумча киреше табууда конок үйүн ачып, иштетип көрбөйсүзбү?” – деп сунушташкан. Андан кийин деле дароо ишкерликке аттанбай эки жыл ойлонуп жүрдүм. Ошентип 2018-жылы үйүбүздөгү шарттарды жакшыртып, конокторду тосууну баштадым. Бул чечимге келишиме үй-бүлөм дагы түрткү болду. Пандемияга чейин жылына 300дөй туристтерди тейледик. Карантинден бери эми кайра келе башташты”, – дейт каарманыбыз.

Үй-бүлөлүк ишкерликтин артыкчылыктары

Бактыгүл Нармаматовага конок үйүн иштетүүдө жолдошу жана балдары тең ата колдоо көрсөтөт. Маселен, жолдошу туристтерди тосуп алып, жубайы жок болгон айрым учурларда конокторго тамак-ашты өзү эле жасап берет. Жаныш жана Байыш аттуу эгиз балдары да туристтерди тосууга жарап калышкан. Ал эми кызы буга чейин англис, орус тилдерин үйрөнүп, азыр чет мамлекеттерден келген коноктор менен сүйлөшүп, котормочулук милдетти аткарат.


Бактыгүл Нармаматованын үй-бүлөсү

“Үйдөн мен англис тилин билгендиктен чет элдик туристтерди тосуп алам. Алар кайдан келишти, кандай тамак-ашка буюртма беришет, эртең кайда барышарын сүйлөшөбүз. Апам жокто туристтерди өзүм кабыл алып, тейлей берем. Азыр түрк, орус, казак, англис тилдеринде сүйлөгөндү билсем, эми кытай тилин үйрөнүүгө кызыгып жатам”, – дейт Бактыгүл Нармаматованын кызы.

Конокторду тейлеп баштаган алгачкы жылы үйдө керебет, төшөнчү сыяктуу буюмдар жетишсиз болгон. Ошондуктан ишкер үй-бүлө банктан насыя алып, шарттарды жакшырта башташкан. Натыйжада ишкерликти баштагандан соң эки жылдан кийин бардык насыялардан кутулуп, киреше таап башташкан. Бардык кыйынчылыктарда ынтымак менен алдыга жылып келе жаткан бул үй-бүлө эми конок үйүндөгү орундарды көбөйтүп, тейлөө жаатында алдыга жылууну пландап жатат.

“Туристтер көп келген мезгилде өзүбүз жашап жүргөн бөлмөлөргө дагы жайгашытырып жүргөн учурлар болду. Мындайда балдарыбыз менен унаада түнөйт элек. Ошондой эле чет элден келген коноктордун айрымдары таңга маал кетиши керек болсо, түнү менен уктабай тамак жасаган күндөр болот. Ошого жаштардын баарына айтып кетем, бири-бирине колдоо көрсөтүп, көмөктөшүшсө эч качан ийгиликсиз калышпайт. Сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетсе болот”, – деди жолдошу Алтынбек Харыбеков.

Эксперттер эмне дейт?

“Пандемиядан кийин жаңы көз караш менен бизнес баштоого маани берүү зарыл. Анткени коопсуздук жаатында талаптар жогорулады. Кайсы турист келбесин биринчи кезекте тоолуу аймактагы конок үйүндөгү ажаткана, душ сыяктуу шарттарын карайт. Ошондуктан септиги менен ажаткана, жуунуучу бөлмө болушу абзел. Мындан тышкары, азыр жарнама кымбат. Анын ордуна ишкерлер “фейсбук, инстаграмм” сыяктуу социалдык тармактарда конок үйүндөгү шарттар жана жайгашкан жериндеги жаратылыштын кооздугун сүрөткө тартып, чет элдик туристтердин агымын көбөйтүүгө болот.

Чет элдик туристтерди тейлөөдө төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталат:

  • Сырткы туристтерди тейлеген конок үйүнүн жетекчиси – туристтик маалымат борборлору менен кызматташуусу маанилүү.

  • Себеби маалымат борборлору аркылуу конок үйгө чет элдик туристтердин үзгүлтүксүз келип туруусуна жетишсе болот.

  • Ошондой эле ишкер www.booking.com/, Airbnb сыяктуу интернет платформаларына катталуусу сунушталат.

  • Бул жерден туристтер өз өлкөсүндө туруп, сиз жетектеген мейманкана тууралуу малымат гана албастан, буга чейин конок болуп кеткендердин калтырган пикирлерин дагы эске алат.

  • Башка мамлекеттерден келген конокторду тейлөөчү мейманкананын тынч жерде жайгашканы жакшы.

  • Анткени узак жол жүрүп келген турист тоскоолдуксуз эс алгандай болуусу керек.

  • Эң башкысы конок үйүндөгү шарттар жана Кыргызстандын тоо туризми, улуттук тамак-аштары менен каада-салттарын интернет айдыңында тынымсыз жарнамалап туруу дагы маанилүү.

  • Муну менен сиздин меймаканаңызга гана эмес, жалпы Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымын көбөйтүүгө салым кошкон болосуз.

Макаланын видео версиясы

Теледолбоор “Бай Алай” долбоору тарабынан даярдалган. Швейцариянын Өкмөтүнөн каржыланат жана “Хелветас Кыргызстан”, “Ага Хан” фонду тарабынан аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.