Элет Деми: Малды жасалма жол менен уруктандыруу

“Элет Деми” программасы бул жолу Алай районунда. Бул жерде Нурлан Шералы уулу ветеринардын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беребиз.


Нурлан Шералы уулу Алай районунун тургуну. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы, 29 жашта, кесиби ветеринар, техник-осеменатор.

Сегиз жылдан бери ветеринарлык, эки жылдан бери малды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча алектенет. Бир айда орто эсеп менен 30 миң сомго чейин киреше табат.

Каарманыбыз ийгиликке жетүү жолдорун баяндайт:

“Ветеринария тармагында иштеп баштаганыма быйыл сегиз жыл болот. Ал эми жасалма жол менен уруктандыруу боюнча иштегениме эки жыл болду. Бул тармакта көбүрөөк окуп, үйрөнүү керек. Алгачкы жолу жасалма уруктандырууну Гүлчө айылындагы фермердин малына жасап бердим. Кийин ал уй эгиз тууду, бул менин алгачкы жетишкен ийгилигим”.

Техник-осеменатордун берген кеңешинин негизинде алынган маалыматтарды сунуштайбыз:

Жасалма  уруктандыруу жолу аркылуу эт багытындагы малдын түрүн көбөйтөм десеңиз, Кыргызстандын  шартына “Абердин-Ангус” породасындагы уйлар сунушталат;

Ал эми сүт багытында – сментал, швис жана галиштейн пародасындагы уйлар жакшы;

Жасалма жол менен уруктандырууда малдын жашы эске алынбайт жана кадимки эле тоют менен азыктандырсаңыз болот;

Малды жасалма жол менен уруктандырууда буканы чарбада кармоо зарылчылыгы жок;

Колдонулуучу урук (биологиялык материал) эпидемиялыкжактан коопсуз жана текшерүүдөн өткөн;

Төл алууну пландоо мүмкүнчүлүгү жакшырат. Фермер уйларынын баарын бир учурдауруктандыра алат;

Жасалма уруктандыруу – жаныбарларда жыныстык жол менен жугуучу оорулардын

алдын алат жана  негизги профилактикалык ыкма боло алат;

Жасалма жол менен туулган торпокту 2 ай толук энесинин сүтү менен багуу керек. Анткени 2 айда толук дене түзүлүшү жетилет;

Жасалма жол менен уруктандыруунун акысы ар бир малга 400 сомду түзөт;

Осеменатор-ветеринарбул боюнча атайын окуудан өтөт жана ыктыярдуу патенттин негизинде иш алып барат;

Төлөмдүн суммасы аймактарга карап 250 сомдон башталып, 400 сомго чейин.

Эксперттер эмне дейт?

“Бизге келген уруктардын баары биздин тоолуу аймагыбызга ылайыкташкан – ысык, суукка. Азыр фермерлердин көпчүлүгү эле жасалма жол менен уруктандырууга кызыктар болууда. Бул кесипти кез келген адам үйрөнүп алса болот. Бул абдан кирешелүү кесип”.

Макаланын видео версиясы

Теледолбоор “Бай Алай” долбоору тарабынан даярдалган. Швейцариянын Өкмөтүнөн каржыланат жана “Хелветас Кыргызстан”, “Ага Хан” фонду тарабынан аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.