Элет Деми: Асыл-тукум малдарды баккан айым

“Элет Деми” программасы бул жолу Алай районунда. Бул жерде Акан аттуу ишкер айымдын жайыт комитетин жетектеп, мал чарбачылыгы менен алектенгендиги жөнүндө айтып беребиз.

Акан Жунусматова, Алай районунун тургуну. 63 жашта, кесиби зоотехник. Төрт жылдан бери асыл-тукум малдарды кароо менен алектенет. Жолдошу менен 7 баланы тарбиялап келишет.

Каарманыбыз бул тармакка кантип кызыгып калгандыгын баяндайт.

“Фермерликке аялдар аз аралашат. Бул тармакка кызыгуу керек, менин өзүмдүн кесибим зоотехник. Буга чейин ар кайсы тармакта иштеп, пенсияга чыкканда фермерликке аябай кызыктым. Тоолуу аймак болгондуктан малды көп кармайбыз. Үй-бүлөмө киреше табуу максатында фермерликти тандап алдым”.

“Алгач базардан жаңы туулган 5-6 музоо алып келдик. Аз-аздан алып эле өнүктүрүп алса болот. Helvetas эл аралык уюмунан атайын адистер келип окутушту. Ошол 2019-жылы болгон окуудан көп тажрыйба алдым десем болот. Тоюттандыруу, сандан сапатка өтүү, уруктандыруу боюнча жакшы сабактар болгон. Азыркы жаштарга дагы ошондой окутуулар болсо жакшы болмок. Helvetas эл аралык уюмуна өзгөчө ыраазычылык билдирем”.

“Кирешени көбөйтүү үчүн күтүү керек, дароо эле көбөйүп кетпейт. Алты айдан бир жылга чейин күтүү зарыл. Эт багытындагы мал тез эле киреше берет. Ал эми сүт багытында болсо, бир жыл күтөсүң. Анткени, аны куудуруп, торпок туулганча убакыт өтүп кетет”.

Каарманыбыздын фермерлик тажрыйбасынын негизинде эт, сүт багытындагы уйлардан киреше алуу айырмачылыктарын тизмектейбиз:

  • Жергиликтүү сүт батыгындагы уйлар күнүнө 6-8 литрден сүт берип, 7 ай бою саалат. Сүттөн каймак, айран, курут, май,  чөбөгө жасап киреше тапса болот. Жети айда чыгашаны эсепке албаганда 10 миң сом акчалай  жана туулган төлү дагы киреше катары калат.

 

  • Ал эми асыл тукум парода уйлар 10-15 литрге чейин сүт берип, 8 ай бою саалат. Сүттөн жасалган каймак, айран курут, май, чөбөгөлөрдү сатканда бир сезондо чыгашадан сырткары 20 миң сом киреше болот. Ошондой эле туулган торпогу да жаныңызга калат.

 

  • Жергиликтүү кара мал бир жылда этке кирет. Аны 35 миң сомго чейин сата аласыз. Сизге чөп, жемине кеткен чыгашадан сырткары 20 миң сом пайда калат.

 

  • Эт багытындагы асыл тукум малды бир жылдан кийин 80 миң сомго чейин сатканга болот. Чыгашадан сырткары 40 миң сомго чейинки акча жаныңызда калат.

Эксперттер эмне дейт?

“Малды алгач алып келип, өзүнүн жашаган аймагынын шартына көндүрүү дагы кыйын болот. Анткени, тоо-ташка чыга албай же суукка чыдабашы мүмкүн. Ал эми урукту алып келип жасалма жол жол аркылуу уруктандырса, ошол торпок тез көнүшөт”.

Фермерликти аркалап, мал кармайм десеңиз алгач сиз төмөндөгү шарттарды түзүп алышыңыз зарыл болот:

  • Маселен, 6 баш музоо багып баштоо үчүн үстү жабык жана ачык болгон эки мал сарай куруу сунушталат.

 

  • Ар бир малды 2 метр аралыктан байлоо зарыл. Ошондо  сарайдын узундугу 12 метр, туурасы 4 метрге чейин болуусу шарт.

 

  • 7 айга жете турган 1 тонна тегирменге тарттырылган жүгөрү, 600 килограмм буудайдын кебеги, 3 тонна кургак чөп даярдап коюшуңуз керек.

 

  • Калган  5 айда негизинен уйлар жайлоодо болот.

Акан Жунусматованын жолдошу дагы жубайына жардам берет.

“Жубайым алгач мал багалы дегенде эле туура кабыл алдым. Бул жерде мал менен тиричилик болот, ансыз болбойт. Чөп алып келем, кээде кармап, саадырып жардам берем”.

“Элет Деми” программасынын бул чыгарылышы асыл-тукум малдарды баккан айым туурасында болду. Бул программалар ишкерликти жаңыдан баштап жаткан жарандар үчүн пайдалуу болду деген ишенимдебиз.

Теледолбоор “Бай Алай” долбоору тарабынан даярдалган. Швейцариянын Өкмөтүнөн каржыланат жана “Хелветас Кыргызстан”, “Ага Хан” фонду тарабынан аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.