Элет Деми: Алай ишкер айымдары

“Элет Деми” программасы бул жолу Алай районунда. Бул жерде Салтанат Асанова аттуу тигүүчүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беребиз.


Салтанат Асанова Алай районунун тургуну, 47 жашта. Кесиби тигүүчү, 4 жылдан бери “Алай ишкер айымдары” коомдук бирикмесин жетектеп келет. Жолдошу экөө 5 баланын ата-энеси.

Каарманыбыз жетектеген коомдук бирикмеде түрдүү долбоор, семинарларга  катышуу аркылуу финансылык колдоо менен бирге, тажрыйба бекемдөө артыкчылыгы дам бар.

Каарманыбыз ийгиликке жетүү жолун баяндайт:

  • “Кол өнөрчүлүккө бала кезимден бери эле кызыгам, апам менен чогуу жүрүп үйрөндүм. Апам мага шарт түзүп берди десем болот. Чоң энем да ууз-чебер болгон. Ал килем токуп, шырдак шырыган. Бул кесип алгач мага хобби болсо, азыр сүйүктүү жумушум. 19 жыл кесиптик лицейде эмгектендим. Андан соң проект жазып утуп алдым. Анан окуу жайдагы жумушумду таштоого туура келди. Ошентип тигүү цехин ачтым”.

2013-жылы уюшулган “Алай ишкер айымдары” бирикмесинин мисалында коомдук бирикмелерди ачуунун жол-жобосун тизмектейбиз:

Алгач командага багыты бир адамдарды чогултуу керек. Маселен, тигүүчүлүккө шыктуу кыз-келиндерди.

Андан соң иш алып баруу үчүн өзүнчө кеңсе, керектүү каражаттар керек болот.

 “Алай ишкер айымдары” ЮСАИДдин долбооруна катышып, кийиз жасоочу машина, терүү машинасы жана жүндү таштандылардан тазалоочу машина утуп алышкан.

Команда чогулуп, офис, сыръе маселеси чечилгенден соң, коомдук бирикмеңизди юридикалык каттоого койосуз.

Жетекчи, эсепчи, координаторлор ай сайын мамлекетке патент төлөп турушат.

Ыктыярдуу патенттин суммасы райондордо 574 сомдон башталат. Ал эми шаар ичинде 700 сом.

Ал эми негизги иши башка тармакта болуп, коомдук бирикмеде кошумча жумушчу катары жүргөндөргө жана пенсия жашындагылар патент төлөшпөйт – мамлекет тарабынан жеңилдик берилген.

Макаланын видео версиясы

Теледолбоор “Бай Алай” долбоору тарабынан даярдалган. Швейцариянын Өкмөтүнөн каржыланат жана “Хелветас Кыргызстан”, “Ага Хан” фонду тарабынан аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.