Электробустарды сатып алуу: депутаттар кеңеш берүү акысына $3 млн төлөөгө каршы

13-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетитин жыйынында Каржы министрлигинин өкүлдөрү 120 электробусту сатып алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин долбоорун тааныштырышты.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Кыргызстанга 32 жылга 1,5% үстөк менен 25 млн доллар насыя бөлүнөрүн, алгачкы 8 жылга жеңилдик берилерин, бул убакытта үстөгү 1% түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары 25 млн доллар грант түрүндө бөлүнүүдө. Долбоордун жалпы наркы – 9 млн доллар. Кыргыз өкмөтү 9 млн доллар кошот. Долбоор үч жылга негизделген жана 2024-жылы аягына чыгат.

Мэриянын өкүлдөрү 120 электробус 5 багыт боюнча каттай турганын, долбоордун алкагында инфраструктураны даярдоо, автобазаны жаңылоо, үстү жабык унаа токтотуучу жайларды жана жаңы транспорт үчүн көмөк чордон куруу пландалып жатканын айтышты.

Азырынча электробустар кайдан сатылып алынары белгисиз. Азия өнүктүрүү банкынын шарты боюнча сынакка 99 өлкө катыша алат, электробус чыгарган өлкө анын жыйынтыгынын негизинде аныкталат.

Депутаттар келишимдин айрым шарттарына нааразы болушту. Ирина Карамушкина долбоордо кеңеш берүүнүн наркы өтө жогору экенин айтты.

“Сиздер 12 электробус сатып алып жатасыздар, бирок алар шаарды толук камтыбайт. Мындай насыяны алуунун кереги барбы? Бул биз үчүн олуттуу сумма. Долбоорду башкарууга 500 миң доллар, кеңеш берүү кызматтарына 3 млн доллар жумшаганы жатасыздар. Эмне себептен кызмат көрсөтүү мынчалык кымбат?”, – деди депутат.

Аны Каныбек Иманалиев да колдоп, келишим шартына кеңеш берүү акысын долбоордун 3% ашырбоо керек деген талапты киргизүүнү сунуштады.

2020-жылы февралда Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын аягына чейин 350 электробус сатып алуу үчүн насыя берери айтылган. Анда долбоор 50 млн долларга бааланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.