Электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча тегерек стол өтүүдө

Энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча тегерек стол өтүп жатат.

Анда аналитик, публицист Мусурманкул Кабылбеков, энергетика тармагы боюнча эксперт Жаныбек Оморов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов, мамлекеттик ишмер Амангельди Муралиев жана башка энергетика боюнча эксперттер катышууда.

Катышуучулар жакынкы аралыкта электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнүн айласында ой-пикирлерин айтышууда.

Тарифтик саясат өтө маанилүү нерсе. Эгер бул экономикалык өндүрүш боло турган болсо, анда бизге түшкөн кирешелерге кайсы бир жабдыктарды алууга, оңдоп-түзөө жумуштарына керектелмек. Бирок өз продукциясын арзан баада саткан бул бир гана мамлекеттик ишканалар болот. Жеке ишканалар мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт. Ал эми тариф боюнча 2001-жылы тариф өзгөргөн ошол бойдон дээрлик 20 жыл эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Бул арада жашоо баасы кымбаттады“, – деди эксперттердин бири.

Коомчулукта тариф боюнча ар кандай пикирлер айтылып, талкуу жаратып жаткан кези. Бул жакшы көрүнүш, ушул жол аркылуу гана аталган көйгөйдү чогуу чечүүгө мүмкүн экендиги айтылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.