Электр энергиясы үнөмдөлүүгө муктаж

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы электр энергиясын колдонуучу абоненттердин саны жыл сайын 4-5 пайызга өсүп жаткандыгын жана кар аз жаагандыгына байланыштуу мөңгүлөрдөн суу аз топтолуп, электр энергиясын өндүрүүдө көйгөй жаралып жатканын кабарлады.  

Үстүбүздөгү жылдын июль айына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд куб\метрден ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 2 млрд куб\метрге аз.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Бакыт Сыдыков өткөн айда суунун аздыгы, керектөөлөрдүн өсүүсү жана техникалык шаймандардын эскилиги энергетика тармагын оор абалга жеткиргенин кабарлаган.

“Керектөөчүлөрдү электр энергия менен сапаттуу камсыз кылуу үчүн 2021-2025-жылдарга карата 110-500 кВт тармактарын реконструкциялоо программасы иштелип чыкты. Инвестициянын жалпы көлөмү 8,4 млрд сомду түзөт. Каражаттын эсебинен көмөкчордондор менен аба чубалгылары реконструкцияланат. Мындан тышкары, электр тармактарын өнүктүрүүгө дагы 21,4 млрд сом өлчөмүндөгү инвестиция талап кылынууда”, – деп айтылат Сыдыковдун билдирүүсүндө.

Апрель айында президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электрге бааны сунуштаган эле. Анда 77 тыйын төлөмдү 74кө түшүрүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн колдонуу лимитин алып салуу, алыскы жана тоолуу, катаал шартта жашаган аймактар үчүн чектөөлөрдү алып таштап 1,04 сомдон сатуу жана жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө 1,48 сомдон сатуу тууралуу айтылган. Бирок, 14-июлда энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев 2021-жылы электр энергиясына болгон баа өзгөрбөй турганын билдирди. Өлкөдө электр үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Учурда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт.

Энергетикадагы тартыштыктын кесепети

Энергетика тармагындагы эксперт Зарипбек Айдарбеков энергиянын тартыштыгы электр энергиясын өндүрүүнүн төмөндөшүнө, электр кубаты менен менен камсыздоону үзгүлтүккө учурата турганын айтты. Күз-кыш мезгилинде жылытуучу жабдуулар дагы колдонулуп, электр энергиясы көп сарпталат.

Зарипбек Айдарбеков ушул жылдын июнь айында энергетика тармагындагы абалды талкулоо боюнча өкмөттүн жыйынына катышып келген. Анда ал электр кубатын үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын билдирген. Керек болбогон учурда телевизор, компьютерлерди, бөлмөдөн чыгып баратканда жарыкты өчүрүп коюу негизги эрежелердин бири. Мындай жол менен электр 15 пайызга чейин үнөмдөлөт.


Зарипбек Айдарбеков – энергетика тармагындагы эксперт


Энергетика тармагындагы дагы бир эксперт Идирисбек Кенжаев электр энергиясынын басымдуу бөлүгү үйлөрдү жылытууга коротулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы жети ГЭС, эки ТЭЦтен жылына орточо эсеп менен 15 млрд куб\метр электр кубаты иштелип чыкса, анын 60 пайызы эле үйлөрдү жылытууга кетет. Бизге салыштырмалуу Европа өлкөлөрүндө турак-жайларды жылытуу үчүн электр энергиясы 4-5 эсе аз сарпталат.


Идирисбек Кенжаев – энергетика тармагындагы эксперт


Электр кубатын үнөмдөөдө диоддук лампаларды колдонсо болот

Ош мамлекеттик университети электрди үнөмдөөчү лампочкаларды колдонууга өтүүдө. Алгачкылардан болуп окуу жайдын башкы имаратына диоддук лампалар орнотулган.

Акыркы үч жыл ичинде үнөмдөө жолу аркылуу чыгаша дагы азайганы байкалган. Бул жылдар аралыгында электр энергиясына болгон төлөм 130 миң сомду түзүп, мурдагыга салыштырмалуу 290 миң сомго азайды. Эми ушул эле долбоор окуу жайдын башка имараттары менен жатаканаларында да ишке ашат.

Учурда базарларда жарыкты үнөмдөөчү лампочкалардын түрлөрү кенен сатыла баштады. Мурда колдонулуп келген кызытуу лампаларына салыштырмалуу алардын баасы кымбат. Бирок, диоддук лампаларды кеминде бир жылга чейин колдонсо болот жана токту 15 эсе аз сарптайт. 

Мындан тышкары, жарык өчкөн учурда, сууга салса да жарык берип турган лампочкалар бар. Бул түрдөгүлөрү токко сайып жандырган учурда өзүнө заряд алат. Анын негизинде мурда чогулткан кубаты менен дагы 3-4 саатка чейин жарык берип турат.


Абдумомун Орозматов – сатуучу 


Күн нурунан кубат ала турган батареялардын артыкчылыктары

Электр энергиясы менен кошо каражатты үнөмдөөгө күн нурунан кубат ала турган батареялар дагы артыкчылыктуу экенин Ош облусунун тургуну Максатбек Алибаев билдирди. Ал 16 жылдан бери 12 вольттук чакан күн батареясын колдонуп келет.

Ташып жүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, үйүндө да, жайлоодо да керекке жарайт. Батарея менен телевизор, радио, уюлдук телефондордун кубатын толтуруп жана бөлмө ичин жарыктандырып келүүдө.

Максатбек Алибаев батареяларды күндүн нуру текши тийген бийик жерге орнотуу зарылдыгын белгиледи. Анткени аба-ырайы өзгөрүп, жаан жаап өткөндөн кийин дароо эле өзүнө электр кубатын чогулта баштайт.


Максатбек Алибаев – Ош облусунун тургуну


Энергияга көз карандылыкты жойгон биогаз

Айыл жеринде жашагандарга биогазды колдонуу сунушталат. Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Бактыбек Узаков үч жыл мурун эл аралык уюмдарга долбоор жазып, короосуна биогаз өндүрүүчү жабдууну орноткон. Андан бери электр энергиясына көз каранды болбой, биогазды колдонуп тамак-аш бышырып, суу ысытуу сыяктуу керектөөлөрүнө колдонуп келерин айтты:

“Маселен, 350 килограмм малдын кыгы болсо, ага 80 пайыз суу кошулат. Ошондо 600 килограмм аралашмадан 30 куб газ өндүрсө болот. Алты куб газ кайра эле жабдууну жылытканга кетет.Себеби техникалык жабдуулар 38 градус температурада иштеп турушу керек. Калган 10 куб газды төрт күн тамак-аш жасоо сыяктуу жумуштарга колдонобуз. Биогаздын калган тең жарымын кийинки күндөргө запаска кармап турабыз.

Бактыбек Узаков биогаз жабдуусун орнотконго көп каражат сарпталганы менен электр аз колдонулуп калганын кошумчалады. Алсак, ток менен иштей турган меш, суу жылыткычтарды колдонбой калгандан бери жыл сайын төлөмдөргө кетчү каражаттан 50-60 миң сом үнөмдөлүп жатат. 

Мындан сырткары, биогаз өндүрүүдөн чыккан күлдү жер семирткич катары колдонуп келүүдө. Айылдаштары дагы сатып алып колдоно башташты. Башка жер семирткичтерге караганда биогаздан калган калдык табигый, зыянсыз болгондуктан өсүмдүктөргө пайдалуу. Түшүм мол болуп, оорулардан оолак болот.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ишканасы 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болорун айтып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Кыргызстан өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.