Элдин тынчын бузган эшектер

Жалал-Абаддан Кытайга эспорттолчу эшектер Спутник кичи шаарчасындагы сарайда кармалат. Калктуу конуштун арасында жайгашкандыктан, жагымсыз жытынан сырткары, андагы ызы-чуу  жашоочулардын нааразычылыгын жаратты. 

Шаар аймагында эшектердин топтоштурулуп жатканын Жалал-Абад шаардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы жакында гана билген. Тагыраагы, февралдын башында, бул ишкана жүздөн ашуун эшекти экспорттоо үчүн текшерип берүү  суранычы менен фитосанитардык көзөмөл кызматын чакырышкан.

Азыр Спутниктеги сарайда 300дөн ашык эшек кармалып турат. Эреже боюнча, ири сандагы мал-жандыктарды кармоочу жай калктуу конуштан 500 метр алыс жайгашышы керек. А мындагы аралык 50 метрге араң жетет. Мартка чейин берилген эскертүү аткарылбаганын билдирген адистер алдыда катаал чара көрүлөөрүн айтышат.

Жалал-Абаддан Кытайга эшек экспорттогон “Шинь Жуан” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигинен коментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ошол себептүү эшектер кармалган сарайды жылдырышабы же жокпу деген суроо жоопсуз калды. Белгилей кетсек, эшектерди экспорттогон ишканалардан бул жалгыз эмес, Ош жана Жалал-Абад облустарында 10го жакыны бар деп айтылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.