Кара-Суу: элдин колундагы ок атуучу куралдар алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагынан мыйзамсыз сакталган куралдар менен октор алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Атайын уюшулган операциянын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынан жашоочусу 1986-жылы туулган М. Р аттуу жарандын үйүнѳ тинтүү жүргүзүлгѳн. Натыйжада мыйзамсыз жыгач кутунун ичине салынып, атайын кѳмүлүп койгон жеринен куралдар жана октор алынды.

” Операция Ош ШИИБнын мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрѳшүү кызматынын кызматкерлери жана ИИМдин атайын «Шумкар» отрядынын жоокерлери менен биргеликте өткөрүлдү. Максаты уурдалган жана тартып алынган ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо болгон.  Анын алкагында М. Р атуу жарандын үйүнөн мыйзамсыз сакталган «АК-74» үлгүсүндѳгү Калашников автоматы, 2 даана окчонтою (магазини ) менен, «КО-8,2» үлгүсүндѳгү сайлуу карабин-мылтык, 29-даана 7.62 үлгүсүндѳгү Калашников автоматынын октору, ок салуучу цинк кутудагы 7.62 калибриндеги 360 даана ок,  «Blow» үлгүсүндѳгү сигнал берүүчү тапанча, дүрбү, куралдын үнүн басаңдатуучу кошумча тетик табылган”-деп билдирет Сыдыков.

Бул факт боюнча Ош ШИИБнын тергѳѳ кызматы тарабынан мыйзамсыз ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды сакатагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

Алынган куралдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алардын башка кылмыштарга тиешеси териштирилет.

Аталган кылмыш ишинин алкагында үй ээси 32 жаштагы М.Р  убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ, мыйзамсыз куралдарды, окторду сактоого шектүү катары кармалган М.-Р  уюшулган кылмыштуу топтун мүчѳсү, учурда каракчылык менен айыпталып тергѳѳ изоляторунда отурган 34 жаштагы Н.Р аттуу жарандын  бир тууган иниси экендиги аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген