Элбарчын Калилова: “Нестан Дарежандын” автору мага ишенген жок”

“Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, азап кайгы жүрөктү эзип” деп, улуу сүйүүнү даңазалаган”Нестан Дарежан” ырын ким билбейт. Дал ушул чыгарманы ийинине жеткире ырдаган жаш ырчы Элбарчын Калилова “Ынтымакта” конокто болуп, чыгармачылыктагы ачуу- таттуу күндөрү тууралуу айтып берди.

Чыгармачылыкта канча аракет кылсаң, ошончолук жолдор ачылат…

Азыр борбордомун. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист болуп эмгектенип жатам. Ал жерде чоң оркестрда жандуу үн менен ырдайбыз. Андан тышкары окуйм. Жаңы ырларды да жаздырып, тынымсыз иштеп жатам, анткени аракет гана ийгиликтерге алып барат. Чыныгы таланттуулардын арасында жүргөнүм үчүн жаратканга ыраазымын.

 

Менде ырчыга тиешелүү болгон бардык нерсе бар…

Ырчылык менин жашоом. Ырдабай жашай албайм. Мактанганда болбоюн, мага жараткан үндү да, келбетти да берген. Учурда үнүмдү бапестеп, багып атам.

Күнү- түнү ат минип, бийик тоолордон, таза аба, тунук суулардан тарбия алган кызмын…

Мен 1992- жылы Ош облусунун Кара- Кулжа районундагы Ой- Тал айылында төрөлгөм. Ата- энемин айтуусу боюнча мен ушунчалык өжөр, шамдагай, аттын кулагында ойногон кыз болгон экем. Кой, жылкыларды карап, күнү- түнү ат минип жүрүп чоңойдум. Алайкуунун таза абасы, тоолору менен суулары мени тарбиялады деп эсептейм. Ат минип алып кыйкырып ырдасам тоолор мени кайталап, дует ырдагандай эле болчумун.

Кыялым чексиз….

Хадисте айтылгандай, канчалык аракет, мээнет кыла берсең жараткан берет. Менин алдыдагы пландарым чексиз. Кудайга шүгүр, алдыга койгон максаттарым четинен ишке ашып жатат. Орозого чейин өзүмүн сөзүмө, обонума таандык “Субханаллах” деген ырым жаңыланып жазылып жатат. Андан тышкары күздө өзүмүн жеке концертими берейин деп турам. Ошого да кызуу даярдыктын үстүндө жүрөм. Концертте буйруса көп тилдерде ырдап, Манас айтып, болгон талантымды төгөйүн деп турам. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн да чакыруулар болуп жатат. Орозодон кийин, июнь айларында чет жерлерге гостролдойм.

Жүрөгүм каалаган ырларды ырдайм…

Мен ыр тандоодо жүрөгүм менен кеңешем. Жүрөгүм эмнени кааласа ошол ырды ырдай берем. Ырдын сөзү, обону даяр болгондон кийин, устатым менен, атам менен жана жакын адамдарым менен кеңешем. Анан гана ыр жарыкка чыгат. Чынын айтсам азыркы ырчыларды карап олтуруп, ушунчалык кейип кетем да, эмне деген ыр, эмне деген ырчы деп.  Маани беришпей, эптеп эле ырдап чыга беришет.

Биринчи жолу “Бүркүт” ырынын текстин окуганда “ушундай да ыр болобу”деп күлгөм…

“Бүркүт” ыры мага аябай жагат. Бул ырды мага 2013-жылы Эгемберди Талипов агайым берген. Алгач анча жактырбай, ушул да ырбы дегендей кылып койгом. Бирок текстин жаттап, обону менен ырдап жатканда ырга сүңгүп кирип кеттим. Тез эле убакыттын ичинде жазып, жаттап, жарыкка чыгарганбыз. Негизи бүркүттүн чоң философиялык мааниси бар. Ал ырдан кийин Элбарчын атым өчүп, “бүркүт” атка конгом.

“Нестан Дарежандын” автору мага ишенген жок…

Буга чейин бир топ ырларды ырдасам да эч бири “Нестан Дарежандай” чыныгы сүйүүнү даңазалаган эмес экен. Бул ырды Исрадин Аманбаев агайдын уруксаты менен, кеп- кеңеши менен ырдап чыктым. “Нестан Дарежанды” ырдайын деп жатам деген оюмду айтсам, агай: ”Буга чейин бул ырды эркек ырчылар ырдап жүргөн. Эми сен ырдасаң кандай болоор экен. Жакшылап аракет кылып, ашып түшүшүң керек, колуңан келээр бекен”,- деди.

 

Ырдын клибин тартууга 6 ай кетип, өтө чоң суммадагы каражат жумшалды. Клиптин идеясы өзүмө таандык, каармандарды да өзүм тандагам. Баары даяр болгондон кийин Исрадин агайга көрсөттүм, ал аябай таң калып, белек берип куттуктады. Ошол эле агайдын кеңеши менен “Нестан Дарежанды”англисче жана түркчө ырдап чыктым.

Болду эми, ырдабай калам деп, буулугуп ыйлап жүрдүм…

Ырдабай жүргөн учурларым болгон. Бир учурда катуу ооруп, төшөктө жатып калгам. Ошол учур мен үчүн аябай кыйын болгон. Болду, ырдабай калат окшойм деп коркком. Көрсө мен ырдабай жашай албайт экем. Уйкуга кетээр маалда да комузумду колго алып, бир- эки ырды созуп, анан гана жатам.

Бир ыр менен ооруп калганым үчүн окуумду таштап, Москвага кетем деп чыккам…

1- курста окуп жүргөн кезде эле Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдап жүрчүмүн. Ош шаарынан көп чакыруулар болуп, жакшы убакыттар өттү.   Ал ортодо жүрөгүмдү ооруткан    учурларга да туш келдим. Жаратканга ыраазычылык билдирүү максатында  бир ыр жаздырып, ал ыр менен ооруп калгам. Кечинде жатаарда ыйлап ырдап жатып, эртең менен ырдап ойгончу элем. Ошол учурда бир кыз менин ырдап жатканымды диктофонго жаздырып жүрө бериптир. Кийин эле ырдын автору Эгемберди агай келип ал кызды да ырдай берсин, экөөң тең ырдай бергиле деп койду. Ошондо мен бир топ студенттер турганына карабай ыйлап жибердим. Анткени мен чыгармачылыгымды токтотуп коюп, башка эч нерсеге көңүл бурбай ошол ырды гана күтүп жүргөн элем. Ошол чыгарма менин чыгармачылыгымдын башаты болот деп үмүттөнгөм. Ошонун айынан окуудан чыгам, Москвага кетем деп жүрдүм. Тилекке каршы бир эле жолу ырдайм деген адам ырдап, клибин да тартууга жетишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген