Эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат. Коронавирус боюнча учурдагы абал талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жалпы дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого туш келип, өлкөдө биринчи жолу коронавирус илдетине кириптер болгондор катталганын белгиледи.

 “Абал толугу менен көзөмөлдө турат. Коопсуздук кеңештин жыйындарында өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, бүгүнкү күндө алар аткарылып жатат. Медицина кызматкерлеринин чоң армиясы өлкөгө бул инфекциянын киришине жол бербөөнүн үстүндө катуу эмгектеништи. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана илдетти алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү”, — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

“Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Эми эң башкысы,  саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам”, — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Депутаттар менен жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөөрү айтылды.

Жолугушууда өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо боюнча чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектиги өзгөчө белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген