Эл каттоо: сандар эмнени айтат?

Ысык-Көлдө журналисттер үчүн үч күндүк “Эл каттоо: цифралар эмнени айтат” аталышындагы тренинг өттү. Аталган семинарды улуттук статистика комитети уюштурган.

Анда ММК кызматкерлери, БУУнун облустардагы өкүлдөрү, улуттук статкомдун кызматкерлери катышты. Тренингде 2020-жылдын өткөрүлгөн эл каттоого карата болгон комплекстүү даярдыктар, статкомдун маалыматтары менен иштөө ыкмалары жөнүндө презентация тааныштырылды.

Статистика комитетинин кызматкерлери иш-чаранын жүрүшүндө жалпы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өткөн пилоттук (сынак) каттоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү, таблицалар жана графиктер менен иштөөнүн ыкмалары менен тааныштыруу, ошондой эле эл каттоонун мааниси, статистиканын коомчулук үчүн маанилүүлүгү жөнүндө видеотасмаларды көрсөтүү, алдыда боло турган эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча даярдык көрүү иш-чараларынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Кыргызстанда эл каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлүшү керек болгон. Бирок, пандемияга байланыштуу жылдырылган. Быйылкы эл каттоо 2021-жылдын сентябрь айына пландалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.