Эл каттоо боюнча кайсы маалыматтарды билиш керек?

Быйыл Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо болот. Бул мамлекеттик иш-чара ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлөт.

Буга чейин калкты каттоо сынамык ирээтинде смартфон аркылуу жүргүзүлө баштаган. Мындай иштер алгачкылардан болуп Ош шаарында уюшулган. Анда маалым болгондой, жаңы мобилдик тиркемени тестирлөө үчүн координатор, инструктор-көзөмөлдөөчү жана каттоочу кызматына 218 адам тандалып алынган жана алар атайын окуудан өткөрүлгөн.

Эл каттоонун фейсбуктагы маалыматтарына ылайык, ал мобилдик тиркеме эл жана турак-жай фондун сыноо иретиндеги каттоо убагында ийгиликтүү тестирлөөдөн өттү.

Тиркемени каттоочуларга орнотуу Android 5.0 жана анын андан жогору базасында Улутстаткомдун серверинен каттоочунун жеке уюлдук телефонуна же планшетке орнотулат. Ар бир каттоочунун мобилдик тиркемеге кирүү үчүн өзүнүн логини жана сыр сөзү болот. Иштөө аяктагандан кийин каттоочулардын сыр сөздөр жана логиндер тосмолот. Мобилдик тиркеме эки тилде болот: мамлекеттик жана расмий тилдерде.

Эгерде бул ыкма ишке ашып калса, калкты каттоо иштери бир топ жеңилдейт. Мурда жыйынтыкты жыл бою эсептеп чыгарса, эми жаңы тиркеменин жардамы менен 10 күн аралыгында чыгарылат деп маалымат беришкен.

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык жалпы 144 алыскы калктуу конуштар аталды.

Ош областынын Сары-Таш, Сары-Могол, Чон-Алай, Жекенди, Ыссык-Көл областынын Ак-Шийрак, Энилчек айыл аймактарындай республиканын алыскы зоналарында каттоону 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлөт.

Эгерде сизде келе жаткан каттоо боюнча суроолор бар болсо, сиз аларды + 996 (312) 325336 телефон номери боюнча бере аласыз. Ал эми аймактар боюнча төмөндөгү телефон номурларына байланышсаңыз болот.

Бардык каттоо процесстери төмөндөгүдөй негизги үч этаптарга бөлүнөт.

  1. Даярдык мезгили – буга ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, уюштуруучулук-методикалык жана технологиялык камсыздоолор, пилоттук каттоо өткөрүү, калктын арасында массалык түшүндүрүү иштери киргизилген. Бул милдеттер ийгиликтүү аткарылды! Учурда тартылган каттоо кызматкерлерин окутуу кызуу жүрүп жатат.

  2. Негизги этап – каттоону өткөрүү. Каттоочулар менен калк тууралуу маалымат топтоо, биз бир нече жолу айткандай, 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлөт.

  3. Үчүнчү этап – алынган материалдарды иштеп чыгуу жана каттоонун жыйынтыктарын таратуу. Ал 3 жыл ичинде аяктайт.

Кошумча маалыматтарды жана бериле турган суроолорго жоопторду алуу үчүн “Эл каттоо 2020” баракчасына жана расмий сайтына кирсеңиз болот. Ал эми айрым жарандар сиз бере турган суроолордун кээ бирлерин төмөндөгү шилтемеде берип, жооп алышты:

Бардык каттоо процесстери негизги этаптарга бөлүнөт.Даярдык мезгили – буга ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу,…

Опубликовано Эл каттоо 2020 Пятница, 10 января 2020 г.

 

Кыргызстандын калкынын жалпы саны боюнча Улуттук статистика комитетинин акыркы бир нече жылдагы маалыматы менен таанышып алыңыз.

Эске сала кетсек, быйыл КМШнын бардык мамлекеттеринде эл каттоо бир убакта өткөрүлөт. Мындай нерсе акыркы 30 жылдан бери алгачкы жолу болуп жатат. КМШнын көпчүлүк өлкөлөрү каттоону 2020-жылга эң жакын убактарда, тактап айтканда, 2019-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин өткөрүшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген