Эл өкүлдөрү Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Каныбек Исаковдун билим берүү министрлигине талапкерлигин колдоду.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт сунуштаган. Исаков Ош мамлекеттик университетин акыркы 8 жылдан бери жетектеп келет.

Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева берген арызы боюнча кызматтан кеткен. Анын тушунда китеп, аттестат-дипломдордогу каталар, тендердеги коррупция сыяктуу чуулуу иштер орун алды. Акыркы жолу Нарындагы контейнер-мектеп коомчулукта чоң талкууну жаратты.

Кудайбердиева кетери менен «Жебе Медиа» сурамжылоо өткөрүп, анда көпчүлүк Каныбек Исаковду министр катары көргүсү келерин билдирген.

Булак: Жебе

ОшМУнун ректорлугуна ким татыктуу? Сурамжылоо

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген