Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Өлкөдө эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, С.А. экстремисттик материалдарды Интернет аркылуу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасын жасалма паспорттору менен камсыздап турган.

Ыкчам иш аракеттердин жүрүшүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана С.А. берген жасалма документтер менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. кармалды.

Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу крмоочу жайга киргизилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген