Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен 77 айылга жардам берүү боюнча келишим ратификацияланды

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу каты ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2021 -жылдын 28 -июлунда кабыл алынган.

Макулдашуу катына COVID-19 пандемиясынын жайылышы менен байланышкан социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин жумшартуу максатында кол коюлган.

Бул экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу (экономикалык инфраструктура объектилерин каржылоо), 77 максаттуу айылдарда (социалдык инфраструктура объекттерин каржылоо), 36 айылдык аймакта жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы 5 шаарда баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана гигиенага жетүүнү кеңейтүү аркылуу ишке ашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.