Эл аралык каттамдар 15-июндан тарта ишин баштайт. Видео

Өкмөттүн чечимине ылайык, Эл аралык авиакаттамдар 15-июндан тарта ишин жандантаары пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев брифинг учурунда билдирди.

Акышевдин айтымында, Эл аралык авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдер түзүлдү.

“Учурда авиакомпаниялар качан жана жумасына канча жолу каттамдарды ишке ашыра алаары тууралуу сунуштарын берип жатат”,-деди аталган агенттиктин жетекчиси.

Маалыматта кошумчалангандай,  эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын жыштыгы иштелүүдө. Алдын ала алгоритмге ылайык, жумасына 16-17 каттам, күнүнө 2-3 каттам уюштуруу пландалып жатат.

Ички каттамдар «Tez Jet» авиакомпаниясы аркылуу ишке ашырылат

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген