Экспресс-тестти кимдер тапшыра албоосу айтылды

Оорунун белгилери (ысык дене табы, кургак жөтөлү) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар экспресс-тесттерин тапшыра албайт. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан дагы 5000 экспресс-тест сатып алган. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 минута ичинде аныктайт. Мындан сырткары Россиядан дагы кошумча тесттер келет. Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

Аталган тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө колдонулуп, вирусту аныктоодо  жакшы жыйынтыктарды берген.

Штабтан кошумчалангандай, учурда дүйнөдө коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташаары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан белгилүү болгон.

Кыргызстанга инфекцияны 20 мүнөттө аныктоочу 5000 даана тест алынып келди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген