Экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя берилет

2019-жылдын май айынан тарта  «Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоору ишке киргизилет.  Аталаган долбоордун  башкы максаты – өлкө аймактарындагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкерлерге шарт түзүп берип, аларды колдоо болуп саналат.

Тамак-ашты  кайра иштетүүчү  жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн атамекендик ишканалар (Ош  жана Бишкек  шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3 жылдан 5 жылга чейин  жылына 8-10 акыркы пайыздык коюм менен жеңилдетилген узак мөөнөттү насыяларды ала алышат.

Долбоор тандалган коммерциялык банктар аркылуу берилген насыя каражаттарынын пайыздык коюмдарын субсидиялоо жолу менен ишке ашырылат.  Буга байланыштуу финансылык ресурстар өлкө бюджетинде каралган.

Өкмөттүн  долбоорго негизделген буйругуна  премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген