Экс-спикерлер парламенттик шайлоодо босоголук чекти 3 пайызга түшүрүүнү сунушташты

Экс-спикерлер парламенттик шайлоодо босоголук чекти үч пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатышат. Бул сунуш Жогорку Кеңеште экс-спикерлер кеңешинен турган отурумдун кезектеги жыйынында айтылды.

Отурумда парламенттик шайлоо, чек ара маселеси жана башка өлкө ичиндеги маанилүү маселелер тууралуу сөз болду.

“Биз 2020-жылдагы шайлоодо пайыздык босогону азайтууну сунуштадык. Алсак, азыркы мыйзам боюнча партиялар шайлоочулардын добушунун 9 пайыздык босогосунан ашканда гана Жогорку Кеңешке өтөт. Спикерлер кеңеши бул босогону 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү жана 3 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн 1 миллионго түшүрүүнү айттык. Биздин мыйзам чыгаруу укугубуз жок болгондуктан сунушту расмий түрдө кат жазып сунуштамай болдук”,- деп билдирди кеңештин мүчөсү Мукар Чолпонбаев.

Белгилей кетсек, кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.