Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамы экинчи окууда колдоо тапты

13-февралда болуп өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды.

Маалым болгондой, жыйынга катышкан 94 депутаттын ичинен сегизи каршы добуш берген.

Президенттин кол тийбестигин алып салууу боюнча мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү депутат Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев сунуштаган.

Эл өкүлдөрү тарабынан сунушталган мыйзам колдоого алынса, экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле экс-президентке жана анын жакындарына мамлекет эсебинен кам көрүүгө чектөө коюлат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген