Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин комитети  “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз борбору билдирди.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган КР Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин айтымында, 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамынын 12-беренеси кирет.

Бул ченем азыркы учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет. Анткени, жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт.

Ошондой эле, анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ушуга байланыштуу мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат:

— Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;

— аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

— 8-беренеде Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;

— 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө норманы алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

— экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал каза болгондон кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле каза тапкан күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;

— Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген