Экс премьер- министр Сапар Исаковду ким сотко берди?

Экс премьер-министр Сапар Исаковду Райым Матраимов “негизсиз жумуштан алды” деген айып менен сотко берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Райым Матраимовдун агасы Искендер Матраимов билдирди.

2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду “иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн” деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Өткөн айда экс-президент Алмазбек Атамбаев Райым Матраимовду иштен айдоону Сапар Исаковдон суранганын айткан. “Былтыр Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калган. Мен Сапар Исаковдон бул тармактагы “серый кардиналдардын” бири “Райым миллионду” иштен айдоону сурангам. Ал аны 23-ноябрда кызматтан алды. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын чабуулу астында калды. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыйкырсаӊ, анда сенин жакындарыӊ да эч кандай “Райым миллиондор” болбошу керек”, – деген Атамбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.