Экологиялык кесепеттерге жетелеген полиэтилен

Экологдор пластикалык буюмдарды ашкере колдонуу климатты бузуп, адамдын ден соолугуна зыян алып келерин айтып келишет. Бирок, Жер планетасы полиэтилен баштыктар менен пластик идиштерге толуп баратат.

Ош шаарынын тургуну Гүлмира Жолоеванын үйүндө желим буюмдардын түрлөрү бар. Айрыкча ашканада желим идиштерди көбүрөөк колдонот. Ал желим буюмдар зыян экендигин билет, бирок алардын баасынын арзандыгына жана ыңгайлуулугуна карап колдоно берет.

“Маселен, бул пластиктер чыга электе дүкөндөрдө азык-түлүктөрдү кагаздан жасалган баштыктарга салып беришчү. Анан өзүбүз материалдан тигилген зыянсыз баштыктарды көтөрчүбүз. Үй тиричилигине болсо темир, сырдалган идиштерди иштетип жүргөнбүз. Желим буюмдар чыккандан бери ушуларды колдонуп жатам”, – деди Гүлмира Жолоева.

Гүлмира Жолоева – Ош шаарынын тургуну

Бусалима Исраилова Ош шаарындагы ири дүкөндөрдүн бирин иштетет. Дүкөндө жуунуучу, тазалоочу заттар салына турган буюмдар, балдар оюнчуктары, тамак-аш идиштери сыяктуу керектүү буюмдардын баары сатылат. Алты жылдан бери соода тармагында иштеген каарманыбыз желим буюмдардын көп сатыларын байкаган соң алардын түрлөрүн көбөйткөн. Продукциялар Кыргызстандын өзүнөн чыгат жана коңшу Өзбекстандан импорттолуп келет. Азыр бул дүкөнгө күнүнө 200гө жакын кардар келсе, алардын 70 пайызы пластикалык идиштерди сатып алышат.

“Балдардын оюнчуктарын салчу идиштер, кийим илгичтер сыяктуу күнүмдүк керектелчү буюмдарды көп сатабыз. Пластик буюмдардын арзан болгону үчүн дагы суроо-талап көп болсо керек деп ойлойм. Улам эле жаңы нерсе сатып алуу дагы оор. Ошон үчүн эл шартына жараша тандоо жасайт”.

Бусалима Исраилова – соодагер

Кыргызстанда желим баштыктар да өтө көп колдонулат. Дүкөн, базарда алган буюмдарыбыздан тарта жука полиэтилен баштыктарына салып беришет. Пластик буюмдар колдонууга жеңил, ыңгайлуу жана баасы арзан болгону менен экологияга, ден соолукка олуттуу зыян тийгизет.

Пластикалык буюмдардын зыяны

Химия илимдеринин кандидаты Махира Мирзаеванын билдиришинче, полиэтилен буюмдарынан бөлүнүп чыккан уулуу заттар аба менен сууну, айлана-чөйрөнү булгап жатат. Кайра иштетүү тармагы Кыргызстанда жакшы жолго коюлбагандыктан эски буюмдар таштандыга ыргытылат. Андан ары чогулган акыр-чикирлерди өрттөп жиберишүүдө. Мындайда уулуу “диоксин” заты бөлүнүп чыгып, адамды дагы жабыркатат. Ал аба аркылуу организмге кирсе, 7 жылдан 11 жылга чейин жашап, рак ооруларын пайда кылат.

“Биз көп пайдаланып жаткандардын бири газдалган суусундуктар. Күнүмдүк иштетип жаткан суусундуктарды биз пластикалык бөтөлкөлөрдө сатып алып жатабыз. Желим бөтөлкөнү да колдонууга жеңил болгону менен анда зыяндуу “диоксин” заты бөлүнүп чыгат. Бул бөтөлкөдөгү кадимки сууну ичкенде байкалбаганы менен спирттик ичимдиктерди, кымызды ичкенде желимдин жыты келип билинет”.

Махира Мирзаева – Химия илимдеринин кандидаты

Эколог Орунбек Калановдун айтымында, желим буюмдарды колдонууга дароо тыюу салуу мүмкүн эмес. Бирок, аларды кайра иштетүүнү жолго коюп, адамдардын колдонуу маданиятын өнүктүрүү зарыл. Тактап айтканда, полиэтилендин улам жаңысын сатып албастан бир нече жолу пайдалануу керек. Муну менен алардын саны көбөйбөйт жана ар кайсы жерде таштанды болуп жатпайт. Негизи желимдин жок болуп кетиши кыйын, ал 400 жылга чейин чирибейт.

Орунбек Каланов – эколог

Зыяндуулугу аз желим идиштер да бар 

Учурда турмуш-тиричиликке пластикти колдонуу эң бийик деңгээлге жетти. Ошондуктан аны колдонуудан чыгаруу башкы көйгөйлөрдүн бири болууда. Адистер мындайда желим буюмдардын ден соолукка зыяны аз түрлөрүн туура колдонууга чакырышат. Башкача айтканда, пластикти колдонуудан мурун тийиштүү маркировкасын текшерүү керек. 

Желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Кыргызстанда 2015-жылдан бери полиэтилен колдонууга тыюу салуу сунушталып келет. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин айрым депутаттары желим баштыктарды колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышып, биринчи окууда жактырылган. Бул мыйзамда сырттан желим баштыкты алып келүүгө, өндүрүүгө жана аларды сатууга тыюу салуу маселеси каралган.

Демилгечилердин бири Марлен Маматалиевдин билдиришинче, мыйзам долбоору кийинки жылы Жогорку Кеңеште экинчи, үчүнчү окууда каралып, жактырылгандан соң күчүнө кирет.

“Бул мыйзам баштыктар такыр колдонулбайт дегенди түшүндүрбөйт. Болгону экологиялык таза баштыктарды колдонууга өтөлү деп жатабыз. Тиешелүү документтер колдоо тапкан соң азыркы желим баштык өндүргөн ишкерлерге техникаларды алмаштырып алууга эки жылдай убакыт беребиз. Алар жаңы мыйзамга ылайык зыянсыз баштыктардын түрлөрүн чыгара баштайт”, – деди Маматалиев.

Экологияга зыян жеткирбеген эко баштыктар

Ош шаарынын тургуну Аида Балтабаева төрт жыл мурун кол өнөрчүлүгүн айкалыштырып экологияга зыянсыз продукцияларды өндүрүүнү пландаган. Ал калаадагы тигүү цехтерде жараксыз кездемелер таштандыга көп ыргытыларын билчү. Натыйжада акыр-чикирге айланган кездемелерди чогултуп, эко баштыктарды тигип жатат. Баштыктардын дизайнын өзүнүн чыгармачылыгына карап иштеп чыгат.Ошондой эле кардарлардын буюртмасына жараша даярдап берет. Эко баштыктар Орусия, Корея жана Германияга чейин сатыкка чыгат.

“Кыркынды материалдарды көп адамдар үйүнө алып барып өрттөшөт. Андан аба булганып, зыян келтирүүдө. Ал эми желим баштыктар дагы айлана-чөйрөнү булгап, ден соолукту жабыркатат. Ошондуктан табиятка аяр мамиле жасоо, үнөмдүүлүктү калыптандыруу жана илгертен бери келаткан кол өрөнчүлүктү жайылтуу үчүн ушундай баштыктарды тигип жатам.”, – Аида Балтабаева.

Аида Балтабаева – кол өнөрчү

Желим баштыктар менен күрѳшүү жолун тапкан өлкөлөр

Грузияда 2018-жылдан бери желим баштыктарды колдонууга, аларды жасап чыгууга жана импорттоого тыюу салынган. Анын ордуна табигый баштыктар колдонулат. Ал эми Корея менен Германия желим баштыктардан акырындап баш тартууда. Учурда бул эки өлкөдө тең кагаз баштыктар көбүрөөк колдонула баштады. Бул өлкөлөр 2022-жылы желим баштыктардан толук арылууну көздөп жатат.

Бир жылдан бери Кореяда окуп жаткан Өмүркан Алимбекова Сеул шаарында желим баштыктар дээрлик колдонулбасын айтты. Тамак-аш, азык-түлүктөр кагаз баштыктарга гана салынып берилерин айтып, видео тартып жөнөткөн.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда, Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитине катышкан. Анда өлкө башчысы иш-чаранын катышуучуларын мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл бурууга чакырган.

Сүрөт: arsenaltovarov.ru

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.