ЕККУ тарабынан чек араны коргоо үчүн Кыргызстанга атайын шаймандар берилди

Кыргызстандын чек арачылары ЕККУ тарабынан чек араны кайтаруу үчүн атайын техникаларын алышты. Жабдыктарды тапшыруу аземи кечээ Бишкекте өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирилгендей, жардамга мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак бөлүгүндө жайгашкан Ак-Жол-Автодорожный көзөмөл өткөрүү пунктун камсыз кыла турган видео байкоочу жабдыктар кирет.

“Трансулуттук чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу биздин кеңсенин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул иш-чара биздин кызматташтыгыбызга түрткү берет деп ишенем », – деди ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов.

Адистердин айтымында, видео байкоо каражаттары өткөрүү пункттарындагы чек ара көзөмөл органдарынын потенциалын чыңдап, аны менен бирге мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.