FB Twitter YouTube Одноклассники

Экинчи борбор

Экинчи борбор




Ушул жакта гана сиз калаанын так ортосундагы тоого чыга аласыз. Ушул шаарда гана "таңкы базар", "кечки базар" деген арзандатуу акциялары бүтпөйт. Анан да бир буюмду жарым баасына алуунун сырын бизден үйрөнө кетиңиз. Сыйкырдуу сөз – "түшүрүп бериңиз". Биздин шаардан гана Мирзолим аканин самсасын жеп, "чычкан" мантыдан ооз тие аласыз. Айтмакчы, бирөө-жарым чай ичебиз десе, макул деп жүрбөңүз. Ал киши сиз менен ушинтип коштошуп жатат.
Берекелүү Ош шаарына кош келиңиз!

КЫРГЫЗ ЖЕРИ СОПСОНУН,
КЫЙЛАСЫНАН ОШ СОНУН.
КӨҢҮЛ ЭРГИП КУБАНЫП,
КӨП ЖЕРИНЕ ТОКТОДУМ.

Байдылда Сарногоев
Эмне үчүн Ош?
1
Өөш-өөш -Ош
Бул суроого азыркыга чейин так жооп жок. Калаанын Ош деп аталып калышы боюнча уламыштар ондоп саналат. Эң алгачкысы жөнөкөй. Мектепте окуган тарых, адабият китептеринде "Сулайман пайгамбар бир дарыянын боюна келгенде уйларды "өөш" деп айдаган экен. Анан "өөөш, өөш" деп атып, кийин "Ош" деген жер топоними келип калган деп айтылат.

Кадича Ташбаева деген окумуштуу Ош шаарын VI-кылымдагы Даван мамлекетинин Эрши шаары деп атайт. Анын пикиринче, "Эрши-Эши-Оши-Ош..." деп өзгөрүп калган.
2
Уч - Уш-Ош
Этнограф, филолог Абдимитал Мурзакметов болсо, жердин атыкадимки эле "Уч" деген сөздөн келип чыккан дейт. Ош шаарынаАраван тараптан келе жаткан тоо кыркалары (Керме-Тоо депаталат), шаарга жете бергенде жок болуп кетет дагы (жердин ичинекирип кеткенсип), анан бир канча километрден кийин кайра чыгат. Ал тоо Сулайман-Тоо деп аталат. Асмандан караса, тоолор бири-бири менен туташ экени көрүнүп турат. Бул ошол тоолордун учу делип атып анан, "Уч... Уш... Ош..." делип калган дейт. Азыр деле өзбек калкында Ош деген сөз Уш делип, Учка жакыныраак айтылат.
3
Ошпур курган Ош шаары

Манас баатырга бала чагында тарбия берген, аны эр жүрөктүккө үйрөткөн Ошпур баатыр мына ушул Ош калаасын негиздөөгө салым кошкон деген пикирди шаардык "Ош шамы" гезити буга чейинки өзүнүн бир чыгарылышында жазып чыккан эле.
Басылма анын далили катары "Манас" эпосунан мынтип үзүндү келтирет:

"Ошпур курган бул калаа,
Өз атына Ош болсун.
Чыккынчыга кас болсун,
Калыстарга дос болсун".

Үч миң жылдык тарыхты шаардын ар тарабындагы археологиялык казуулар, калдыктар менен окумуштуулар далилдеген. Бирок шаардын аталышы боюнча азырынча бир пикир жок.
Ош - 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. 4-к. – б. з. 5-к-да шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. 8–10-к. Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган. Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун».
14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),, Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.
Ош шаары – Ош облусунун административдик борбору. "Түштүк борбор" деген расмий макамы бар.

Кыргызстандын түштүгүндө Бишкектен түштүк-батышты карай 300 чакырым аралыкта (унаа жолу менен 700 чакырым), Фергана өрөөнүнүн чыгыш жагында жайгашкан.

Аянты – 18,3 миң чарчы километр.

Жашоочулардын расмий саны – 275, 8 миң (2016-жылдын 1-январына карата), ички мигранттарды кошкондо 500 миңге жетээри айтылат.

Этникалык курамы: кыргыздар – 53,2%, өзбектер – 43%, башка улуттар – 6,6%.

»
Ак-Буурага турат жанашып,
Сулайман-Тоо - Оштун символу

Сулайман-Тоо
Сулайман-Тоо – батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу – 1140 м, туурасы – 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө өтүп турат. Тоонун боорунда анын музейи курулган. XVI кылымга чейин тоону Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.

Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Ак-Буура
Шаардын ортосунан агып өткөн Ак-Буура дарыясынын узундугу 136 чакырымга жетет. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак-Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат.
Жайма базар
Ош шаары Жер Ортолук деңизи менен Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай, Индияны байланыштырган Жибек Жолундагы маанилүү соода борбору болгон. Калаа илгертен базар, кербен-сарайлары менен таанылган. Башкы базар Ак-Буура дарыясынын сол жээгинен орун алып, чыныгы чыгыш стилинде. Эки миң жылдан ашык убакыттан бери базардын аймагы кеңейип, кейпи өзгөрсө да, байыркы кезде алган ордунан жылган жок.

»
Биз бул инсандар менен сыймыктанабыз!
Роза Отунбаева
Борбор Азиядагы алгачкы президент аял
Бахадыр Кочкаров
ФИФА калысы
Гүлшайыр Садыбакасова
КРнын Эл артисти

Марат Исаев
Адам өмүрүн сактаганы үчүн ага РФ президенти В. Путин медаль тапшырган.
Айлин
Кыргызстандын алты миллионунчу жараны
Жамала
"Евровидение" сынагынын жеңүүчүсү. Украиналык ырчы Ошто төрөлгөн.

»

Ынтымакты достук менен бекемдеп,
Ата-бабам Ошту келген мекендеп.



Ош шаарында кырктан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар илгертен эле кыз алышып, кыз беришип, өз ара мамилени бекемдеп келишкен. Эки эмес, төрт улуттун өкүлү чогуу жашаган Халиковдордун чоң үй-бүлөсү өзгөчө кызыгууну жаратат.

»
Ошту башка шаарлардан калаа ортосундагы тоосу жана үч миң жылдык тарыхы гана эмес, даамдуу ашканасы да өзгөчөлөнтүп турат.
Самса
Ош шаарында самса сунуштаган ашканаларды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Бирок жергиликтүүлөр жана коноктор да эң даамдуусун тандап, эки-үч самсаканага баш багып турушат.

Жөнөкөй пияз жана эт. Бул эки азыкты бириктиргенде унутулгус даам даяр болот да калат. Албетте, камырга оролуп, анан азыноолак татымалдар кошуларын эсепке албаганда.

Ош самсасы тууралуу канча айтсаң да, сөз бүтпөйт эмеспи. Андыктан бул даам тууралуу өзүнчө лонгридди көрүүнү сунуштайбыз.

Аш
Аш - оштуктар үчүн жөн гана даамдуу тамак эмес. Жергиликтүүлөр чайканаларда жакын санаалаштары менен чогулуп, аштан жеп, анан көтөрүңкү маанайда сааттап баарлашып отурганды салтка айлантан.

Койдун куйругу, эт, сары сабиз, Өзгөн күрүчү жана зире. Оштун айтылуу ашына кошулчу азыктын тизмеси баарына белгилүү болгон менен, ашпоздордун паалоосунун даамы кайталангыс.


Майда манты
Майда манты кичинекей болгону менен көзгө сүйкүмдүү, даамдуу, тоюмдуу, жагымдуу келет. Көтөргөнгө жана чөнтөкө да жеңил. Муну Ошто жөнөкөй эле майда манты же, чычкан манты деп аташат. Бул ат чычкан менен байланыштуу эмес, жөн гана кичинекей болгону үчүн ошентип аталып калган.

Мантычы эжелердин айтымында, чычкан манты Фергана өрөөнү боюнча бир гана Ошто даярдалат. Бул даамдуу тамак өткөн кылымдын 70-жылдарында даярдала баштаган. Ошол кездери тамак-аш даярдап базарга алып чыгып сатуу бизнеси күчөгөн мезгил болгон. Сатыкка чыккан жаңы тамактарга талап башкача болгондуктан, оштук айрым аялдар чычкан мантыны ойлоп табышкан экен.

»
Ош тууралуу он кызык
Оштун ар бир тургунуна 6 студенттен туура келет. Калаадагы университет-колледждерде 50 миңдей студент билим алышат.
Кыргызстандагы эң кымбат жана "чырлуу" көпүрө Ош шаарында. Ал Ак-Бууранын эки жээгин Навои көчөсү аркылуу байланыштырып турат. Курулушка 500 млн сом сарпталган.

Күн сайын шаардыктардын катарына 20 ымыркай кошулуп турат. Ош шаарында бир жылда орто эсеп менен 7400 бала төрөлөт.
Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ош шаарында төрөлгөн. Бирге чыгып калган Айлин азыр ата-энеси менен чогуу мамлекет берген төрт бөлмөлүү батирде жашап жатат.
Кыргызстандагы эң бийик жаңы жылдык балаты жыл сайын Ош шаарында орнотулат. Былтыр анын бийиктиги 29 метрди түзгөн.
Оштун Навои багында улгайгандар күн сайын шахмат боюнча мелдештерди өткөрүшөт. Ардагерлердин мынтип эс алууну салтка айлантканына жарым кылымдан ашты.

Ош - үлпөт шаары. Күн сайын райондордон да келип, мындагы ресторандарда той өткөрүп кетишет. А жубайлар болсо үлпөт сейилин калаада өткөрөт. Ошто 30дан ашык ресторандар бар.
Ош ар бир шаардыкка жылына 3 750 сомдон коротот. Быйыл шаар бюджети 1 миллиард 34 миллион 759 миң сомду түздү.
Ош - өлкөдөгү эң таза шаар. Түштүк калаанын тазалыгына Бишкек мэри Албек Ибрамиовдун суктанган жайы бар. Тазалыкчылар калааны ирээтке келтирүү үчүн жумушту түнкү саат үчтө башташат.
Оштун өзүндөгү жана калаага күндө кирип-чыккан унааларды кошсок, ар бир эки шаардыкка бирден унаа туура келет.


5-октябрь – Ош шаарынын күнү
Даярдагандар:
Мырзайым Жаныбек кызы
Адина Досумбетова
Элдос Султанов
Ынтымак Media Group 2016.
Материалды даярдоодо ачык булактардан, kloop.kg, sputnik.kg, nurmatov.kg, fergana.info, nlkg.kg жана Ош шаардык мэриясынын сайтынан, википедиядан сүрөттөр жана маалыматтар алынды.
Материал "АИР Поддержка" коомдук бирикмеси "Ынтымак" КРТРКсы менен өнөктөштүктө Прагадагы жарандык борбордун каржылык колдоосу астында ишке ашырып жаткан "Ынтымактын базасында медиалаборатория түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz