Эки жаштагы Умар мамлекеттер менен желектерди жазбай таанып көрүүчүлөрдү таң калтырды

Эки жаштагы Умар Абдыкадыров географиялык картадан мамлекеттерди жазбай тааныйт. Ошондой эле ал өлкөлөрдүн желектерин да так көрсөтөт. Азркы тапта Умардын бул өнөрү коомчулукту таң калтырып жатат.

Умар бир жашка чыкканда эле картадагы мамлекетерди үйрөнө баштады. Алгач биз да таң калдык. Барган сайын таанып билүү жөндөмдүүлүгү артып, жакшы өздөштүрүп калды. Азыр жаңылбастан туруп 20дан ашык мамлекетти көрсөтө алат“,-дейт бир тууган агасы Байел Абдыкадыров.

Ал кошумчалагандай, Умар агасынан башканын сөзүн укпайт. Ал бир гана Байелди тыңдап, анын айткандарын аткарат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген