Эки милицияга ок тийген. Ош ОИИБдин кызматкерлерине кол салуу болду

Бүгүн, 13-январь күнү  болжол менен түнкү 01:10 чамасында  Кара-Кулжа  РИИБдин Жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциясынын инспектору милициянын кенже лейтенанты С.Б  Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө токтоп турган өзүнө таандык болгон “Нива” үлгүсүндөгү автоунаасында  олтурган  учурда ага бейтааныш жаран кол салган. Автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан  16 калибрдеги кош найлуу ок атуучу куралынан капысынан ок чыгарган. Милиция кызматкеринин  денесинин эки далысынын ортосуна 7-8 чачма октору тийген. 

Окуя болгон жерге Кара-Кулжа РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү  Д. К барып, автоунаадан түшкөн кезде анын арт тарабынан белгисиз атуул ок атуучу  курал менен бир жолу эки далысына аткан. Ошол учурда Д. К жанындагы  табелдик ок атуучу куралы менен ал атуулду көздөй ок чыгарганда белгисиз жаран окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери Д.К жана Б.С денелеринен жараат алышып, ооруканага жеткирилген. Аталган окуя боюнча кылмыш иштин бетин ачуу максатында аталган районго “Перехват” операциясы киргизилип, Ак-Кыя жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган.

Азыркы учурда, аталган сотко чейнки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жана шектүү атуулду аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“Жубайын өлтүрүп, өзү уу ичип алган”. Дагы бир аял жолдошунун колунан каза тапты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.