Эки ишкер: “Бизге мамлекеттен бир гана туруктуулук керек”

Оштогу ишкерлердин бири Дилшод Хайдаров Сулайман-Тоо ашканасынын жетекчиси. Алгач 1979-жылы атасы ачкан ашкананы улантып иштетип келе жатат.

Учурда чакан ашканада 8 адам иштейт. Алар Оштогу ашканалардын арасында өзгөчө лагманы менен белгилүү.

“ Биз жалаң жаңы азыктардан тамак жасаганга аракет кылабыз. Тамактарыбыз буга чейин бир да жолу ашып калган эмес. Кардарларыбызда көп. Кээде тейлегенге үлгүрбөй калабыз. Мамлекетке айына 10 миң ге жакын акча төгөбүз”,-дейт ишкер Дилшод Хайдаров.

 

 

Ал өзүнү ийгиликтүү ишкермин деп эсептейт. Алдыда ашканасын кеңейтүүнү пландоодо.  Ал үчүн мамлекеттен эч кандай жардам керек эмес. Болгону тынчтык туруктуулук болсо жетишет.

“Аvto City” устаканасынын жетекчиси Жавлон Сабиров өз бизнесин түптөө үчүн 8 миң доллар сарптаган. Устаканасында 6 кишиге иш орун түзүлгөн. Бирок иштин көптүгүнөн жетишпей калышат. Кээде 12, 15 сааттап иштегенге туура келет. Ошондуктан дагы унаа оңдоочу кызматкерлерди жумушка алганга жарыя берген.

Жумушунунун кыйынчылыгы катары кардарларынын көңүлүн кароо деп эсептейт. Анткени ар кандай мүнөздөгү адамдар келет. Ишкерлик менен алектенгиси келген ар бир адам биринчи кардарларынын көңүлүн табуу керек деп эсептейт.

“ Технологдор келип жаңы нерселерди сунуштап, окутуп үйрөтүп кетишет.  Артта калбай улам жаңы нерселерди билгенге аракет кылабыз. Көбүнчө түрк жана немис фирмалары менен иштешебиз”- дейт Ж. Сабиров.

Авто унаа оңдоочу жай ачуу ишкердин кичинесинен берки тилеги болгон. Бизнесте атаандаштыктын болгону жакшы деген ишкер каалоочуларга бул иштин сыры менен бөлүшүүгө даяр экенин айтат. Мамлекетке убагында салык төлөө бул кошкон салымым деп эсептейт.

Ошто орто жана чакан ишкерлик 33 миңге жакын адам алектенет. Алар жыл сайын бюджетке 3 миллиардка жакын салык төгөт. Өздөрүн гана жумуш менен камсыздабастан кошумча иш орундарын да түзүп келишет. Алар мамлекеттен эч нерсе күтпөйт болгону тынчтык жана туруктуулук  гана болсо жетиштүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген