Эки буту баспай калган айдоочу автоунаасын өзүнө ыңгайлаштырып жасады

Өзгөндүн тургуну Жаркын Усенбаев – биринчи топтогу майып. Он беш жыл мурун кырсыкка кабылып, буту баспай калган. Арабага байланып калганына карабай, айдоочулук кесибин таштаган жок. Унаасын кол менен башкарууга ыңгайлаштырып жасап алган. Алты жылдан бери айылдык каттамда эл ташып, үй-бүлөсүн багат.

    “Машинаны кол менен башкаруу үчүн мотоциклдин жабдыктары колдонулган.  Мотоциклдин рулу. Аны тормозго улап койгом. Артка тартса токтойт, кое берсе жүрөт”, – дейт Жаркын Усенбаев. 

Ал кырсыкка кабылгандан кийин машинасы менен эл ташып калам деп такыр ойлогон эмес. Алгач автоунаасын өзүнүн керектөөсү үчүн гана ары-бери айдачу.  Анткени мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жолдо, коомдук унааларда жүрүүсү үчүн өлкөдө дээрлик шарт жокко эсе.

 “Өмүр бою машина башкарып жүрүп, анан отуруп калсаң жаман экен. Эки жылдай коляскада отурдум. Бара-бара отура да албайт экенсин. Ойлонуп отуруп машина башкарып көргүм келди. Кызыгуу болсо баарын кылат экенсин”, – дейт ал. 

Жаркын аганын негизи колу эптүү. Унаасын кол менен башкарууга ыңгайлаштырганган чейин дарак кесидилеринен шахматтарды жасоо менен алек болор эле. Кардарлар бат эле табылып, шахматтарды сатыкка чыгарган.

“Биринчи отуруп калганда үйдөн көп чыкчу эмес. Анан бычак менен шахматтарды жасай баштады. Башында буларды эмне кылат деп ойлочумун.  Өзүнүн кардарлары бар экен. Ошентип, 100 доллардан сата баштадык”, – дейт жубайы  Нурила Шералиева. 

Жаркын Усенбаев такси айдап, кол өнөрчүлүк кылгандан сырткары үй ишерине да кол кабыш кылат. Бош убактысында ширетүүчүлүк менен алектенип, ар кандай эмеректердин түрлөрүн жасайт. Мындан сырткары өзү сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге автоунааларын кол менен башкарууга ыңгайлаштырып жасап да берип турат.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Айзада Айталиева даярдады.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген