Эки баласы менен кооптуу үйдө жашаган жалгыз бой эне жардам сурайт

Ош шаарынын тургуну Гүлчехра Исламова эки баласы менен кооптуу үйдө жашайт. Турак жайдын эки бөлмөсү такыр жараксыз болсо, биринен суук кирип, уруп түшүү алдында турат. Мындан улам үй ээлери чочулоо жана кооптонуу менен жашап жатышат. Кыш жакындаган сайын кайда күн кечиребиз деген суроо тынчтык бербей келүүдө.

Жаңы үй салганга менин мүмкүнчүлүгүм жок. Балдарым жаш болгон үчүн иштебейм. Аларды калтырып жумушка чыкканга эч ким жок. Уулул менен кызымдын туулгандыгы тууралуу документтери жок. Ошон үчүн жөлөк пул да албайбыз”, – деди Исламова.

Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципиалдык менчик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мирланбек Казыбай уулунун айтымында, Гүлчехра Исламова жашап жаткан үйдүн документтери жок. Үй камсыздандыруудан өтпөгөнү үчүн мамлекеттен жардам болбойт. Ош мэриясы тарабынан да үй тургузууга көмөк көрсөтүлбөйт. Социалдык абалын эске алуу менен аз өлчөмдө гана каржы ажыратылат. Ал үчүн тиешелүү документтери толук кандуу болуп, арыз жазышы керек.

Азыркы тапта Гүлчехра Исламова балдары менен турмуштун оор сыноосунда күн кечирүүдө. Кыштын келишине болсо аз гана убакыт калды. Эми кайда барып баш калкалаарын билбей турат. Аянычтуу абалда турган жалгыз бой энеге жардам берүүнү каалагандар болсо көмөк күтөт. Жардам берүүнү каалагандар  0559 309-858 номерине кайрылышса болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген