Эки баланын энеси Айперинин боорун алмаштырууга жардам керек

Ноокат районунун тургуну Айпери Шумкарбек кызы боор илдети менен алышып келет. Учурда ооруканада жатат. Алгач жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган. Дарыгерлер абалы туруктуу оор бойдон экенин билдиришүүдө. Ичине сары суу толуп, кан кусат.

Бирок боорун алмаштырса жашап кетерине үмүт бар. Операция чет өлкөдө жасалып, 35 миң доллар акча сарпталат. Ошондуктан 24 жаштагы Айперинин жакындары кайрымдуу адамдардан жардам сурашууда.

Жардам берүүнү каалагандар 0778 50 01 19 Элсом номерине акча которсо болот. Же ушул номерге эле апасы Назгүл Газиевага байланышуу мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген