Эки бөйрөгү иштен чыккан Гулзина коомчулуктун жардамына муктаж

Кайрымдуу инсандардын жардамы Гулзина Таалайбек кызынын өмүрүн сактап калат. Ал июнь айынан бери бөйрөк оорусунан жабыркоодо. Акыркы 2 айда эки бөйрөгүнүн  иштөөсү начарлап, ден-соолугу кескин төмөндөп кетти.

22 жаштагы Гулзина 2 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Июнь айында дене-табы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер бөйрөк оору деп диагноз коюшуп, бул дарт бир жыл мурун эле башталганын айтышыптыр.

Кыргызстанга келип дагы  10 күн дарыланган. Бирок натыйжа болгон эмес. Эки бөйрөгүнүн иштөөсү кескин начарлап кеткендиктен гемодиализ алууга өттү.

Дарыгерлер Турция, Казакстан мамлекеттеринде бөйрөк алмаштырса болоорун айтышкан. Бирок ага эң аз дегенде 20 миң  доллардын тегерегинде акча кетет. Ошондуктан оорусу менен алышып жаткан Гулзина кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

БАНК “KICB” 1280036052500926

Байланыш номери: 0778 97 03 69

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген