Египеттен дагы 47 мекендеш алынып келди

Бишкекке Египеттен 47 кыргыз жараны кайтып келди. Алар «Air Cairo» египет авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келишкен.

Маалам болгондой, аталган каттам Каир шаарынан Алматы шаарындагы эл аралык аэропортуна келип, Алматыдан Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келинди.

Кайтып келген 26 студент жана 21 жаран буга чейин Египетке туристтик жана жеке (конок катары) максатта барышып, 2020-жылдын мартынан тартып мекенине кайтып келүү үчүн кыйынчылыктарга туш болушкан.

Алардын өлкөгө кайтарылышы Кыргызстан менен Казакстандын биргелешкен аракетинен улам ишке ашырылды.

Мекенге келгендердин баары тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген