Египеттеги катар жардыруулар

Египетте жүз берген катар жардыруулардан кеминде 44 киши мерт кетти. Маалым болгондой, биринчи жарылуу Каирдин түндүк тарабындагы Танте шаарында катталган.

Чиркөөдөгү отургучтун астына орнотулган бомба жардырылып, Андан  бир нече саат өткөндөн кийин, Александрияда жанкечти храмга кире бериште, полиция текшерүү жүргүзүп жаткан учурда өзүн жардырып жиберген. Чиркөөлөрдөгү кырсыкта каза болгондордон сырткары, 100дөгөн киши жарадар болгон.

Бул катар жардырууларды “Ислам мамлекети” террордук уюму уюштурганын мойнуна алды. Тартип сакчыларынын айтымында, окуядан кийин Танте шаарындагы мечиттен дагы 2 бомба зыянсыздандырылган. Теракт өткөн суткада катталып, анда бир нече христиан дининдегилер жекшембилик сыйынуу аземин өткөрүп жатышкан болчу.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz