Египет менен Таиланддан келе албай жаткан кыргызстандыктар алынып келинди

Египет жана Таиланддан келе албай калган кыргызстандыктар өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-23-мартта Тышкы иштер министрлиги Казакстандын жардамы менен Египеттин Шарм-Эль-Шейх шаарынан 126 жана Таиланддын Бангкок шаарынан 11 туристти алып келди.

Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко келгенден соң кыргыз жарандары КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосундо атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинди.

Азыркы учурда алар керектүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн медициналык мекемелерге жаткырылды.

Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары түшкөн акча сарпталып жатабы?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген