Эгемназаров: Ошто ипотекалык кредиттин пайызы түшкөн жок

Мындай маалыматты Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Оштогу өкүлү Алмаз Эгемназаров “Ынтымак” ТВнын “Өңүт” программасында билдирди. Анын айтымында, учурда МИК кредиттерди мурункудай эле, 8-10 пайыздан берип жатат.

Буга чейин ипотекалык насыяны 7 пайызга түшкөнү айтылган. Бул Сооронбай Жээнбеков  өлкөнүн финансы министри жана Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алгандан соң маалым болгон эле. Анда МИКтин жетекчиси төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Азыркы күндө 8-10% менен суммасы 3,7 миллиард сомдук 3450 ипотекалык кредит берилген. 2018-жылдын күзүнөн баштап МИК бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык кредиттердин пайыздык ченин 7 пайызга  чейин төмөндөткөнгө даяр», — деп билдирген.

Бирок азыркы тапта, 7 пайыз менен эч бир жараан кредит алган жок. Ипотекалык кредиттердин устөк пулу 7 пайызга түшөрү туурасындагы маалымат оозеки эле айтылып калгандай.

“Пайыздык ченемдер 7 пайызга түшөөрү туурасында маалымат чыккандыгы чын. Бирок азыркы тапта биздин колубузга ипотекалык кредиттердин үстөк пулу түшүрүлсүн деген тиешелүү докемент келе элек. Ошол себептен мен, 7 пайыз менен кредит берип жатабыз дегенден алысмын”- деди Алмаз Эгемназаров.

Мындай маалыматты,  КРнын вице премьер министри Замир Аскаров Ош шаарына болгон иш сапарында  тастыктап, төмөндөгүлөрдү белгилеген болчу.

“Мамлекет муктаждарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Атап айтсам, атайын  «Арзан турак-жай» программасы иштелип чыккан. Анын алкагында  бир топ иш аракеттер жүргүзүлүүдө.”- деген пикирин айткан эле.

Ушул тапта эл арасында түрдүү пикирлер жаралып жатат. Айрымдар мындай маалымат жөн гана куру сөз бойдон айтылып иш жүзүнө ашпайт десе, кээ бирлер арзан кредиттерди алууга үмүт артууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген