Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 4 миңден ашуун соттолгон жарандарга мунапыс берүү пландаштырылууда

2021-жылдын 1-июлунан тартып “КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуда. Бул тууралуу парлементтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамдык долбоордун демилгечилери: ЖКнын депутаттары К.Иманалиев, Н.Никитенко, А.Мамашова, Э.Токтошев, Ж.Акаев, М.Жээнчороев, А.Алтыбаева.

Документке ылайык, өзүнүн саясий-укуктук мааниси боюнча амнистия ырайымдуулук актысы, гуманизмди кѳрсѳтүү – мыйзамдын чегинен чыккан жарандарына карата мамлекеттин айкѳлдүгүнүн кѳрүнүшү болуп саналат. КРнын конституциясы тарабынан жүктѳлгѳн амнистия жѳнүндѳ актыларды чыгаруу ыйгарым укугун жүзѳгѳ ашыруу менен Жогорку Кеңеш саясий жана экономикалык максаттуулуктун, амнистиянын демократиялык укуктук мамлекеттеги гуманисттик акция катары социалдык шартталышынын  кызыкчылыгынан улам аракеттениши керек.

Жогоруда белгиленген принциптерге жетектелүү менен, мыйзам  долбоору эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазык жазасынан бошотууну жана адамдардын белгилүү бир категориясын эркиндигинен бошотуу түрүндѳгү жазанын ѳтѳлбѳгѳн  мѳѳнѳтүн кыскартууну карайт.

Мыйзам долбоорунда анча оор эмес жана оор кылмыштары үчүн соттолгон төмөнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотуу сунушталат:

  • 60 жаштан жогорку эркектер, ошондой эле 55 жаштан жогору аялдар;
  • I жана II топтогу майыптар;
  • кеминде эки жашы жете элек баласы же I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгон адамдар;
  • анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.
  • ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлө элек бөлүгү бир жылга жетпеген аялдар жана жашы жете электер.

Ошол эле учурда, ушул жобонун колдонулушу (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттары) өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга жайылтылбайт.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнө кирбеген адамдарга жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу сунушталат:

1) анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондор үчүн – жазанын өтөлө элек 1/2 бөлүгү;

2) оор кылмыш үчүн соттолгондор үчүн – жаза мөөнөтү 1/3 өтөлө элек;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор үчүн – эркиндигинен ажыратуунун 1 / 4гө чейинки мөөнөтү өтөлбөйт.

Мыйзам долбоорунда аларга карата ченемдери колдонулбаган адамдардын категориясы каралган.

Ушул Мыйзам долбоорунун аракети алкагы “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген айыпталгандарга, соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунун аракети сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга ѳкүм чыгарылган, бирок ушул мыйзам долбоорунун 2-беренесинде белгиленген адамдарды кошпогондо, издѳѳдѳ болгон жактарга карата колдонулбайт.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда амнистиянын аракетине кабылган жактардын (долбоордун 6 жана 8-беренелери) категориясы, амнистия актысын аткарган органдар, амнистия актысын аткаруу мѳѳнѳтү жана амнистия актысын колдонуу жана аткаруу маселелери боюнча түшүндүрүүчү жоболор жѳнүндѳ түшүнүктѳр берилген.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, юстиция министрлигинин алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын божомолу боюнча:

  • 1-беренеге ылайык, болжол менен 153 адам бошотулат (алардын ичинен 85 адамга материалдык талаптары чечилген);
  • 2-берене боюнча – 951 адам (издөөдө жүргөндөр);
  • 3-берене боюнча, болжол менен 3127 адам өтөлө элек жаза мөөнөтүн кыскартууга дуушар болушат (алардын ичинен 834 адамга материалдык дооматтары бар).

Мыйзам долбоорунда мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо боюнча чечим ар бир адамга карата өзүнчө кабыл алынат.

Мунапыс колдонуу жөнүндө соттордун (судья тарабынан) суроо-талаптары бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга жатат (Мыйзам долбоорунун 4-беренеси).

“КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесине ылайык, мыйзамдык долбоору коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган.

Ушул мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун натыйжасында эч кандай сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Эгерде мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынса, анда соттолгондордун айрымдары бошотулууга тийиш, натыйжада абактагыларды багууга бюджеттик каражаттар үнөмдөлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.