Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында кандай иш-чаралар өтөт (тизме)

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата  даярдык  иштери 20 күнгө созулду.  Учурда  31-август күнү шаардыктар жана келген коноктор үчүн  майрамдык иш-чаралаындын тизмеси жарыяланып даярдык аяктап калды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эрте мененки саат 9 дан түнкү саат 12 ге чейинки өтчүү майрамдык иш-чаралардын тизмеси:

Саат 09: 00до Мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюу аземи . Ош шаарынын мэри, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер,  мекеме-ишканалардын жетекчилери, легендарлуу парламенттин депутаттары , ардагерлер, тургундар жана жаш активисттердин катышуусунда мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө салым кошуп саясий ишкерлер эскерилет.

Саат 10:00дон тарта Ош шаарынын борбордук аянтында  театралдаштырылган маданий-массалык оюн-зоок иш-чарасы өтөт.

Саат 11:30дан баштап С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдында  майрамдык жарманке башталат.
Ага улай эс алуучулар үчүн улуттук спорт оюндары боюнча мелдеш болот.

Саат 12:00дон баштап «Алымбек-Датка» этно-комплексинде «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында «Жапалак аймактык Башкармалыгы уюштурган «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу фестиваль башталып, Айыл-чарба жарманкеси, «Боорсок» фестивалы, «Сармерден» кыз-жигит оюну уюштурулат. Ошондой эле, «Кыргыз каадасы» улуттук тамак-аштары коюлат.

Саат 19.00до кайрадан борбордук аянтта Гала-концерт тартууланат.

Белгилей кетсек,  август айынан баштап Ош шаарында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтүп келүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген