Эбин тапсаң, эчки бак. Кашемир тыбытты кантип алыш керек?

Кашемир тыбыттын бермети аталып, баасы кымбат. Дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору болгон тыбыт Кыргызстанда  да өндүрүлөт. Тазалоого мүмкүнчүлүк болбогон менен чийки зат экспорттолуп жатат. Акырындап сыртка чыга баштаган үчүн да кашемир өндүрүүгө кызыккандар арбып баратат.

Жайдары эчкилер Кыргызстандын баардык аймактарында эле кездешет. Алай менен Чоң-Алайда бул порода көбүрөөк сакталып калган. Ошентсе да жергиликтүүлөр таза кашемирди өндүрүүдө убара тартып келишет. Көпчүлүк фермерлер жол-жоболорун өздөштүрө элек.

Таза кашемир өндүрүмүн Алай менен Чоң-Алай көбөйткөнү турат. Фермерлердин мүчүлүштүктөрүн “Бай Алай” программасы жоюну максаттаган. Ал багытта кашемир эчки кармагандарга атайын окутуулар уюштурулуп, тыбыт алууда маанилүү делген тароо жолун жайылтып жатышат.

Эгер эчки туура таралса, тыбыт сапаттуу, анан да көбүрөөк алынат.Таралаардан мурун жандыкты 12 саат ачка кармоо керек. Күн узарып, абанын температурасы жылый баштаганда эчки түлөп баштайт. Ошондуктан, тыбытты өз маалында тарап алуу талапка ылайык.

1-сорттогу тыбыттын  килограммы 1700 сом турат.

2-сорттору 1300 сомдон 1500 сомго чейин сатылат. Себеби арасында кылдар чыгат.

3-сорт сапаты начар болгон үчүн 900 сомго бааланат.

Эчки тыбытын кантип сапаттуу тарап алса болот? “Ынтымак”телеканалы “Бай Алай” программасы менен биргеликте 3D форматында көрсөтүп берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген