ЕАЭБ өлкөлөрүндө шекерди бажы алымынан убактылуу бошотуу чечими чыкты

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейинки мезгилде шекерди бажы алымысыз киргизүү түрүндө тарифтик жеңилдетүү сунуштоо чечимин кабыл алды.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасына – 40 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү, Армения Республикасына – 22,4 миң тоннадан ашпаган, Казакстан Республикасына – 134,4 миң тоннадан ашпаган, Россия Федерациясына 350 миң тоннадан ашпаган  көлөмдөгү шекерди киргизүүдө бажы алымынан бошотулат.

Кеңештин аталган чечими анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып 10 календардык күн өткөн соң күчүнө кирет.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына 340 долларды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.