ЕАЭБ чет элдик жумушчулар үчүн жумуш издөө кызматын ишке киргизет

1-июндан тарта “Чек арасыз иш” кызматы ишке кирет – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушчулары үчүн жумуш табуу жана резюмесин жайгаштыруу үчүн атайын тиркеме. Бул тууралуу Газета. ru жазды.

Анда белгиленгендей, бул долбоордун орусча версиясы “Орусияда иштөө” деп аталып, анын жардамы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары келечектеги иш орду жөнүндө эркин маалымат ала алышат, жумуш берүүчү менен байланышып, бардык жактарын талкуулап, жумушка орношуу жөнүндө чечим кабыл алышат, Орусияга барып, алдын ала жумушка орношуу үчүн кепилдендирилет.

Бул электрондук кызмат ЕАЭБдин санарип чөйрөсүнүн негизи болуп калат, анын негизинде чет элдик жумушчулардын жашоосун жана эмгегин кыйла жеңилдеткен башка мүмкүнчүлүктөр дагы иштелип чыгат.

Аны ЕЭК менен биргеликте Орусиянын экономикалык өнүгүү министрлиги иштеп чыккан. Жакынкы арада «Чек арасыз иш» кызматы ФМС жана Ички иштер министрлигинин тутумдары менен шайкештештирилип, Орусияда иштөө үчүн талап кылынган документтерди алыстан каттоодон өткөрүү жана алуу мүмкүнчүлүгү менен толукталса керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.