ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ветеринардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды

Өкмөттүн бекитилген биринчи кезектеги чаралар планынын алкагында ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык контролдун кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салынды.

Белгилей кетсек, мурда товарды коштоочу документтердин тизимине ветеринардык жана фитосанитардык контролду өткөндүгү тууралуу маалымдама да кирген. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, бул ишкерлерге белгилүү ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Аталган көзөмөлдңн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ болгондуктан жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул «бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоонун бажы процедурасына уруксаат берилген  товарларды жана жаныбарларды автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдөгү мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.